www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Июлда кабыл алынган «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзам августта күчүнө киргенден кийин, сөз эркиндиги жана маалымат каражаттары тууралуу башка мыйзамдарды өкмөт кайрадан карап чыгууга киришти. Алар – «Маалымат каражаттары тууралуу», «Журналисттин адистик ишин коргоо жөнүндө», «Маалымат алуу эркиндиги тууралуу», «КТРК жөнүндөгү» жана башка мыйзамдар.

Өлкөдөгү сөз эркиндигин кайсы бир ченемде камсыз кылган бул мыйзамдар эми жаңы мыйзамдын 3-беренесине шайкеш келтириле тургандай. Ал беренеде болсо – мен тууралуу жалган маалымат таратылды деген ким болбосун интернет-сайттын ээсине кайрылып, ал маалыматты дароо алып салууну талап кыла алат. Сайттын ээси талапты аткарбаса, ал «кайсы болбосун адам» өкмөткө кайрылууга укуктуу жана анда сайттын иши 2 айлык мөөнөткө чейин токтотулушу мүмкүн.

Жаңы мыйзамда – мен тууралуу жалган маалымат таратылды деген адам ошол маалымат жалган экенин далилдеш керек деген эч кандай талап коюлган эмес. Кимдир бирөө «жалган» десе эле жетиштүү. Карапайым жарандар ошентсе, өкмөт алардын укугун коргоп берээри арсар, ошондуктан өкмөттүк түзүмдөр, негизинен, жогорку кызматтагы атка минерлердин укугун коргой турганы айдан ачык.

Ошондуктан, бул «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү» мыйзам чындыгында – бийлик өкүлдөрүн сындан калкалоо мыйзамы десе болот. Кайсы бир атка минер жөн гана «жалган» деп коёт жана сайттын же интернет-барактын ээлери андай мааламатты дароо – 24 сааттын ичинде – жок кылууга тийиш, антпесе, алардын сайты жабылып, редакция кызматкерлери 2 ай бою айлык албай калышы мүмкүн.

Мен тууралуу жалган маалымат чыкты дегендер мурда сотко кайрылып, ал маалымат чын эле жалган экенин далилдеш керек болчу, эми болсо интернет-сайттардын эч кандай сот чечимисиз эле жабылышына жол ачылууда. Сайттардын ээлери – 2 айга жабылып калгандын ордуна талаш жараткан материалды дароо сайтынан алып салууга аргасыз болот. Ан үчүн кандай болбосун сынды «жалган» деп коюу эле жетиштүү болуп калат.

«Инвентаризация» боло баштаган мурдагы мыйзамдарда мындай катаал чара жок эле жана ошондуктан эми алар жаңы мыйзамдын талабына төп келтириле баштагандай. Антпегенде, журналисттер мурдагы мыйзамдардын ченемдерине таянып, атка минерлерди сындай бериши мүмкүн. Эми бийликке кандай болбосун сын айтуу түп тамырынан бери жоюлушу толук мүмкүн, же андай сын үчүн эң жогорку тепкичтен уруксат алыш керек болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости