www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сиз жашооңузда камырдан жасалган эмчек капты көрдүңүз беле?
Так ушундай оюн-зоок, маскарачылык өткөн жылдагыдай 3-декабрдан баштап, 10-декабрга чейин жергиликтүү музейлердин биринде өтөт. Бул тууралуу маалыматты белгилүү журналист Айбек Турдалиев өзүнүн социалдык тармагына жазып чыкты.
«Мен кыргыз катары нанды улук деп билем. Бирок камырдан «эмчек кап» жасаганды биринчи жолу көрүп жатам. Балким мен айылдан чоңоюп, «высокое искусство» дегенди түшүнбөй жаткандырмын? Акылдуулар түшүндүрүп берип койгулачы, бул эмне? Өнөр десе эле жылаңач катын музейде жүрүп, эми моминтип камырды пластилин кылып калдыкпы?», – деп жазып, жарандардын пикирине жем таштаган.
Бул көрүнүш талкууга алынып, ар кандай пикирлер айтыла баштады.
Миржан Балыбаев: - Провокациялуу, бирок мааниси терең перформанс. Биздин эл нанды ыйык тутат, ал эми азыркы фешн-индустрия, поп-культура ал асыл нарктарды тебелеп-тепсеп жатат дегенди айтып жатат.
Азамат Бакиров: - "Ат көрбөгөн минип өлтүрөт" - деген ушул да
Миржан Балыбаев: - Мындай көргөзмөлөрдү жабык өткөрүп, атайын чакыруу баракчалары менен киргизген оң. Антпесе өткөн "ич кийим" перформансынан дагы жаман жаңжал болот. "Патриоттор" келип талкалап, кишилерди сабап кетиши мүмкүн. Же уюуштуруучуларга ошол керекпи?! Мындайды жарнамалап кереги жок.
Айбек Турдалиев: - Эң туура ой. Араң турган патриоттор андай ишти кылып деле коюшу толук мүмкүн. “Сорос Кыргызстан” көргөзмөнү каржылап, жарнамасын жасашыптыр, мен ошол жактан көрдүм.
Сыргак Бактыяров Миржан Балыбаев туура айтасыз. "Ашка жүк, башка жүк" кылып, эми муну эмнеге жайылтып жатат? Санжар Калматай алды демек кечке чейин "аууу, жеш керек, атыш керек" дегендер күттүрбөй чыгат.
Bakulya Jumabaevna: - Садхгурунун айткан сөзү жакты, силерди жаш кезиңерде элестеткиле эшикке чыксанар баары сонун, таң калыштуу. Азыркы жаштарды эшикке чыгар, аларды эч нерсе таң калтырбайт, анткени баарын интернеттен көрүп алат. Эгер ушул темп менен кетсе, дагы 100 жылда өз жанына кол салуу 25%дан 50%га чейин чыгат. Анткени колунда курч бычак бар, аны кандай иштетишти билбесе, өзүн өзү сайып алат деп. Мына ошол сыңары, көп билсе нарк-насилди уруп ойнобой калат да ушинтип.
Айбек Турдалиев Bakulya Jumabaevna: - Бул деген көрсө, перформанс, искусство экен да. Балким, биз артта калып, башкалар Марста жүрүшкөндүр.
Бекболсун Эшалиев: - Бул деген акмакчылык. Ушуга окшогондорду жоопко тартып, тизгинин караса, буларга окшогондор аша чаап, коомду бузукулук жакка түртүп жатат ... Мындай маңкуртчулукка жол бербеш керек.
Клара Абдуллаева: - Эң туура айтасын, Айбек Турдалиев. Ушундай көрүнүштөрдүн ордунда маселе көтөрүп басчулар силерсиңер.
Искендер Исаков: - Вау, искусство, шедевр дегендер мына муну дагы көрүп койгула.
https://m.youtube.com/watch?v=Z7ZqymEfgZE
Жаз Айым Айдекова: Нан - ыйык. Башкасын кыла берсин. Кыргызга ыйык деп аталган нерселердин ашмалтайын чыгарышпасын, - деген шилтемелер жазылууда.
Эске сала кетсек, өткөн жылы музейде жылаңачтар көрсөтмөсү өтүп, ага Кыргызстандын аттуу-баштуу саясатчылары оозго алынган эле. Ал тургай Роза Отунбаева ызы-чуу жараткан окуяны “бул искусство” деп түшүндүрмө берген. Жыйынтыгында белгилүү айымдар өздөрүнүн ич кийимдерин коомчулукка жайылтып, көрсөтүп алган.
Өткөн жылдагы нааразычылык кайталанбашы үчүн учурдагы бийлик кандай чара колдонот, күтө туралы!
Булак: NazarNews.kg