www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Өсөөр өзүн сыйлайт, өспөс жатын сыйлайт» болгон көпчүлүк кыргыздар аң-сезим жагынан артта калып, тышкы жана ички душмандарды Кудайындай көрүп алышкан. Аларды мактап-жактап, кошоматтарын айтышып, мамлекетти канчалык тебелеп-тепсеп турушса, ошончолук тебөсүнө көтөрүшүп, алтургай улуу Манастан да жогору чыгарыл ийишкен.

Тышкы жана ички душмандардын бир гана максаты - адегенде СССРди, андан кийин Кыргыз Республикасын чачыратып жок кылуу экенин карапайым коомчулук убагында түшүнө алган эмес. Иштин баары ички душмандын атайын даярдаган сценарийи менен жүрүп отуруп, акырында өзүнүн чөнтөк президенти А.Акаевди алып келген. Анысы аялынын жетегинде жүргөн деңгээли төмөн, түшүнүгү тар адам болгон. Кыргызстандын президенти болуп калуу анын оюнда да болбогонун өзү да айтып жүрөт. Ал жөнүндө «Республика» гезитинде «в один прекрасный день приходят какие-то люди, и вдруг просят попрезидентствовать» деген элек. Өзүн Кудайдан да жогору сезип алган көзкамандар чөнтөк президенти аркылуу Кыргызстанды толугу менен талкалап, алтынга жана акча каражатына ээлик кылып, өмүр бою өзүн гана даңазалап жүрүп өттү. Саясат, геосаясаттан эч түшүнүгү жок неме Наполеон менен Гитлердин колунан келбеген душмандыкты ишке ашырды. Жыйынтыгында СССР жок, Кыргызстан талкаланды, миллиондогон мекендештерибиз чачырап кетишип, калгандары оор турмушту баштарынан өткөрүп жатышат. Кыргыздан чыккан бузукулар менен капиталисттердин шумпайлары биригишип, мамлекетибизге катуу сокку урулду. Бирок кыргыз элинин кайраттуулугуна баа бериш керек, «эки оору бир келсе ажалындын жеткени» деп отуруп калышкан жок. Бир эмес үч жолку элдик революцияга көтөрүлүп жатышып, акыры максатына жетишти.

Кыргызстанды пулдан ийуу аракетин баштаган эски бийликтеги коррупция менен мафия кеч болуп кала электе айдалып чыкты. Бирок Ак үйдөн баштап айыл өкмөттөрүнө чейин бекем отурган чала сабат-молдокелер бийликтен кеткилери келбей, эгер кете турган болсо элибизге каршы «согуш» баштагандан кайра тартпаган абалга жетишип, таптакыр баскысы келбеген эшектей тырышып, кежирленип туруп алышкан. «Хы, хы» деп камчы салып, кулактарынан сүйрөсө да кетпей койгон. «Жайына кой жата берсин» деген жаңы бийлик мамлекеттин стабилдүүлүгү үчүн аларга чара көргөн эмес.

Президент Садыр Жапаровдун сыпайы, кичипейил, айкөлдүгүнөн пайдаланган кыргыз мафиясы тымызын башкарууга аракет жасоодо. Алардын мүчөлөрү бийлик бутактарында кала бергендиктен, ачуу чындык айтылса, же суроо узатылса, дароо эле кылмыш иши козголуп, тескери оюн жүрүп жаткандай...

Мафиянын тымызын башкаруусу күчүндө турганда адилеттүүлүк жана акыйкаттуулук жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес. Анткени эски бийликтин тууган-туушкандары, ака-укалары, жердештери, тарапташтары, табакташтары менен куугунтукка алынбастыгы жөнүндө сүйлөшүлүп, сөз берилген. Баарынын былыктары толтура болгондуктан бирин-бири бекем колдошуп, «бирөө баары үчүн, баары бирөө үчүн» деген принцике өтүп алышкан. Ошол себептен бирөөсү жөнүндө бир-эки ооз сөз айтылса кылмыш иши козголуп, ызы-чуу башталат. Мындай болорун билгенде бүгүнкү бийликтегилер «коррупция менен күрөшөм» дебей калышабы?

Жыйынтыгында, жаңы бийлик мурдагы төбөлдөрдүн адамдарын оодарууга алы келбей жаткандай. Жаңы бийлик жарыялап жаткан «оптимизация, тазалануу, кыскартуу» процесстери кыргыз мафиясына эч кандай таасир этпей, тескерисинче, атом бомбасы таасир эте албаган таракандар сыяктуу көбөйүп жатканы жан кейитет. Айласы кеткен көпчүлүк толкундоолор жөнүндө  кеп кылышып, арыз-армандарын айта башташты. Мындай көрүнүштөн Кудай сактасын!

Кыргызстандагы кылмыштуу күчтөрдүн жүз пайыпы эски бийликке таандык болгондуктан, бири калбай камалышы керек. Аларды калкалап жүргөн барынан жогу жакшы экени айтпаса да түшүнүктүү. Кыргызстанды былгытып жаткан бир ууч шылуундар үчүн эл аралык деңгээлде ишенимден кетип, кыргыз мамлекетин, кыргыз президентин сыйлабай калышабы?

«На словах все отлично, а наделе ноль, даже наоборот» дешкени жакшы эмес да. Кечээ эле пайда болгон талибандар ууру кылгандардын колун кесип, коррупция менен мафия үчүн өлүм жазасын колдонушса, эски бийликке алы жетпегендер кантишет? Керек болсо аларды мактап жактап, кошомат айткандан кайра тартпай калышы го?

Булак: Азия News гезити

Последние новости