www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лейлек районунда адам өлтүрүүгө шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 28-августунда эрте менен саат 07.45 чамасында Лейлек РИИБне адам өлгөндүгү тууралуу кабар келет. Аталган жайга Лейлек РИИБнин жетекчилиги баш болуп тергөө тобу чыгып, Исфана шаарынын 28 жаштагы М.М. өз үйүндө уктап жаткан жеринен белгисиз адамдар тарабынан денесине бир нече жолу курч миздүү нерсе сайылып каза болгондугу белгилүү болду.

Бул факт Лейлек РИИБнин КЖБРне Кыргыз республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Лейлек РИИБи тарабынан ыкчам тобу түзүлүп, ыкчам изилдөө иштеринин негизинде кылмышка шектүүнүн кылмыштуу санаалашы Исфана шаарынын 21 жаштагы Ш.Мдин жашаган турак үйүнө барып, тинтүү жүргүзгөндө мыйзамсыз сактап жүргөн ТОЗ-8 үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу курал 21 даана октору менен, бир даана атайын кесилип даярдалган 20 калибрдеги сайсыз ок атуучу куралы, баштыкка оролгон наркотикалык зат, атайын бет кап жана атайын каражаттар жашырып койгон жеринен табылып алынды.

Кылмыштын изи сууй электе, Лейлек РИИБнин ыкчам кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттеринин ыкчам алынган маалыматтарынын натыйжасында, адам өлтүрүп кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөн жеринен Сүлүктү шаарынын 27 жаштагы Т.Н. аттуу тургуну Исфана шаарынан аныкталып кармалды.

Азыркы күндө Сүлүктү шаарынын 27 жаштагы Т.Н. жана Исфана шаарынын 21 жаштагы Ш.Мдер убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости