www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан да, Казакстан да Орусиянын таасиринен чыгуу үчүн орус алфавитин чанып, латынга өтө башташкан.  Талибандардын бийликке келиши чектеш жаткан мамлекеттер менен «шуравилерди» чоочутуп жатканы менен Орусия «ОДКБга» таянып талибандардын сазайын окутууга даяр. Алар Сирияда жеңишке жеткени Орусиянын ракеталарынын күчүн көрсөттү. Талибандардын келиши менен Орусиядан оолактап бараткан Борбор Азия ичтерине демин сактап Путиндин сөзүнө кулак салып калды.Москва АКШнын аскерлеринин Борбор Азияга жайгашышына караманча-каршы. Буга Бээжин да кошулат. Болбосо, Орусияны үй тапшырма аткарчу балага теңей берген АКШ өз аскердик базасын Борбор Азияга тыгууга дапдаяр. АКШ эмнеге Өзбекстан менен стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөнү каалап калган, "Манас-Ганси" базасын ушул жакка жайгаштырабы? Байдендин оозу катары тышкы саясатты чечкен АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Ташкенге кошомат айта баштады: "Америка Кошмо Штаттары Өзбекстан менен стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөнү жана жалпы максаттарыбызды, анын ичинде аймактык коопсуздукту жана стабилдүүлүктү бекемдөөнү чыдамсыздык менен күтөт. Америка Кошмо Штаттары Өзбекстандын регионалдык байланышка, өзгөчө Борбордук Азиянын экономикасынын гүлдөшүнө жана өсүшүнө колдоо көрсөтүүсүнө өзгөчө көңүл бурат. Биз Өзбекстандын батыл реформаларды улантуусун колдойбуз. Биз ошондой эле COVAX борбору аркылуу Өзбекстанга 3 миллион доза вакцинаны бергенибизге кубанычта болдук жана Өзбекстанга COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө колдоо көрсөтүүнү улантабыз», - деп бежиреп жиберди Вашингтондон. 

Ал эми анын шефи президент Байден Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Вашингтондо 1-сентябрда  жолугушту. Жолугушууда ал Байденден коопсуздук үчүн кепилдик жана орус агрессиясын токтотуу үчүн кошумча аскердик жардам сурады. Бул жолугушуу Орусия Украина менен чек арада ири аскердик машыгуу өткөрүүгө даярданып жаткан учурга туш келди. Быйыл жазында Москва чек арага жакын жерде 100 миңден ашык аскер, оор техника менен машыгуу өткөргөндө Вашингтон аны Киевке сес көрсөтүү аракети деп сынга алган.

Украина 2014-жылдан бери Европа биримдиги, НАТО сыяктуу батыш уюмдарына кошулууну көздөйт. Расмий Киевдин мындай саясатын Орусия жактырбайт, анткени Кремль Украинаны өз таасириндеги аймак деп санайт.

2021-жылы июлда орус президенти Владимир Путин макала жарыялап, орус жана украиндерди бир эл деп ишара кылган. Орусия 2014-жылы Крым жарым аралын аннексиялап, Донбасстагы орусиячыл жикчилдерди колдойт. Мындай шартта Киев Кошмо Штаттардан аскердик, финансылык жана саясий жардам күтүп келет.

Президент Зеленскийдин сапарынын алкагында АКШ Украинага 60 миллион доллардык аскердик жардам көрсөтөрү белгилүү болду. Андан тышкары талибандардан куугунтук жеген АКШнын президенти Джо Байдендин башка мамлекеттердин жашоосуна "аралашууну токтотуу керек" деген билдирүүсүн Москва кош колдоп колдоду. Себеби Байден эми тескери сийе баштаса Орусияга оор болуп калмак.

Орусиянын президенти Владимир Путин окуучуларга Ооганстандагы кырдаал тууралуу пикирин айтып жатып, бул маселеге да токтоло кетти: "Сырттан эч нерсе таңуулоо мүмкүн эместигин түшүнүшүбүз керек. Кырдаал жетилиши керек. Ал эми кимдир бирөө тезирээк, жакшыраак бышып жетилишин кааласа, адамдарга жардам бериши керек", - деди Путин мектеп окуучулары менен болгон жолугушууда.

"Ооба, муну жасаса болот жана жасалышы керек, бирок муну маданияттуу түрдө жасоо керек: кылдаттык менен, оң тенденцияларды сактоо менен, акырындык менен, чыдамдуу болуубуз абзел", - деп кошумчалады, Путиндин айтымында, бул факторлордун жыйындысынсыз позитивдүү нерсеге жетишүү иш жүзүндө мүмкүн эмес.

Ал эми Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго да Байдендин айткандары жага бербей калды:

"АКШ президенти Джо Байден менен Франция лидери Эммануэль Макрон 1-2 күн аралык менен Батыштын демократиясын таңуулоо максатында башка өлкөлөрдүн жашоосуна кийлигишүүнү токтотуу керек деген билдирүү жасашты. Биз бул нерсени колдойбуз. Мурдатан бери эле батыштык кесиптештерибиз белчесинен батып алган авантюрадан сабак алып, бул нерседен баш тартууну сунуштап келебиз. Айтылган сөздөрдөн жыйынтык чыга турган болсо, планетада кичине тынчыраак болуп калат деп ойлойм", — деди.

Лавровдун айтымында, эгер Батыш "мугалим-окуучу" ыкмасынан баш тарта турган болсо, аны менен ар тараптан кызматташууга Орусия даяр.

"Биз эч качан душмандашкыбыз келбейт. Өзүбүз менен өзүбүз боло берүүнү дагы каалабайбыз. Ар дайым Батыш менен иштешүүгө даярбыз. Болгону ал өзүн аппак, таптаза, баарынан өйдө турган окутуучу элестетип, Орусияны үй тапшырма аткарчу балага теңей берген саясатынан баш тартышы керек. Негизи эле мындай мамилени эч бир мамлекетке көрсөтпөө керек, өзгөчө Орусияга", — деди Лавров.

Борбор Азияны чаңдатып, АКШны мазактап кууп чыккан талибандар тууралуу эмне кеп болуп жатат?Афганистандын өкмөтүн "Талибан" кыймылынын лидери Хайбатулла Ахунзада жетектейт. Аталган уюмдун маданият боюнча комиссиясынын мүчөсү Анамулла Самангани Ахунзаданын келиши чечилген маселе экенин билдирген. Жаңы өкмөттө тышкы иштер министри кызматын «Талибандын» саясий кеңсесинин башчысы Абдул Гани Барадар ээлейт. Кыймылдын негиздөөчүсүнүн уулу Якуб Ахунд коргоо министри, ал эми «Хаккани тобун» жетектеген Сиражуддин Хаккани ички иштер министри болот. Буга чейин "Талибандын" аскер комиссиясынын мүчөсү жаңы өкмөттүн курамы жакында ачыкталарын айткан болчу.

Хайбатулла Ахунзада молдо "Талибандын"* учурдагы лидери болуп саналат. Таасири күч, шариат сотунда башкы сот. Ачык маалыматтарга караганда, курагы 60 жаштын тегерегинде. Ахунзада уюмду 2016-жылдын май айынан тарта башкарып калган. Ага чейинки лидер Ахтар Мухаммад Мансур АКШнын аскер күчтөрүнүн чабуулунан көз жумган. Ахунзада тууралуу маалымат аз, бирок аскер өнөрүнө караганда диний маселелер менен көбүрөөк алек болуп келгени айтылат.

Афганистандагы абал АКШ аскерлери чыга баштаган маалда курчуп отуруп, акыры талибдер өлкөнү толугу менен каратып алды. Азырынча согушкерлерге баш ийбеген жалгыз Панжшер провинциясы. Чет өлкөлүктөрдү жана союздаштарды чыгарып кеткенден кийин Кабулдагы аэропорт дагы "Талибандын"* карамагына өткөн. 31-август күнү өлкө аймагындагы АКШ контингенти толук чыгарылып бүттү.

"Талибан" кыймылына баш ийбей жаткан Улуттук каршылык көрсөтүү тобу жайгашкан Ооганстандын түндүк-батышындагы Панжшер провинциясында согуштук аракеттер жанданды. Талибдер Панжшерге батыш тараптагы капчыгайдан кирип келүүгө аракет кылып, бирок олуттуу жоготууларга учурады. Ал талибдердин бул чабуулу каршылык көрсөтүү тобунун күчүн байкоо максатында уюштурулган болушу мүмкүн деп божомолдоодо.

Улуттук каршылык көрсөтүү тобунун мүчөсү, Ооганстандын мурдагы коргоо министри Бисмилла Мухаммади "Талибандын" 1-сентябрга караган түнү жасаган чабуулунан жети талиб өлүп, бир нечеси жаракат алганын билдирди.

1-сентябрда талибдер каршылык көрсөтүү тобуна багынып берүүнү сунуштады. "Талибандын" жетекчилеринин бири Амир Хан Моттаки Панжшердеги лидерлер менен сүйлөшүү жыйынтык бербегенин, мындан улам кыймыл провинцияны күч менен алууга ниеттенип жатканын билдирди. Анын айтымында, жоочулар Панжшерди төрт тарабынан тең курчоого алып, "Талибан" жергиликтүү тургундардын арасынан провинциянын губернаторун жана башка кызмат адамдарын дайындады.

Панжшердеги каршылык көрсөтүү тобунун башчысы Ахмад Масуд жарандык согушту каалабай турганын айтып, кан төгүүнүн алдын алуу үчүн талибдерди бийликти бөлүшүүгө жана жалпы өкмөт түзүүгө чакырды. "Талибдер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Аларга тоталитардык өкмөт түзүү — түрдүү каатчылыктарга алып келе турганын түшүндүрүүгө аракет кылуудабыз. Ооганстан бардык этникалык топтор катышкан инклюзивдүү өкмөткө муктаж болуп турат. Ушундай өкмөттү гана дүйнө коомчулугу тааныйт", — деп билдирди ал.  Жашоочуларынын көпчүлүгүн тажик улутундагы адамдар түзгөн Панжшер провинциясы Ооганстандагы талибдердин көзөмөлүнө өтө элек акыркы аймактардын бири болуп эсептелет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

 

 

Последние новости