www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү бульвардык чыгармалардын автору, мамкатчы Чолпонбек Абыкеев «эки жыл чыдап бергиле» деп элге кайрылуу жасады. Көрсө, эки жыл оор болуп, анан эле кризистен чыгып, турмуш оңолуп, беш жылдан кийин Кыргызстан дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөргө кошулуп, 10-15 жылдан кийин алдыңкы 10 мамлекеттин катарында болот экенбиз. Кыргызстан Сингапур, Малайзия баскан 20-30 жылдык жолду кыскартып, 10 жылдан кийин «кыргыз керемети» болот окшойт. Чунак киши ойлонуп айтып жатабы, же ойноп айтып жатабы, ким билет?
Мээнеткеч, сабырдуу, көтөрүмдүү элибиз коррупционер, ууру, кылмышкер президенттердин, депутаттардын, бийликтеги аткаминерлердин акмакчылыгына чыдап эле келе жатат го. Мамкатчы Чолпонбек Абыкеев эмненин негизинде минтип айтып жатат? Өлкөнү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа кабыл алынып, тышкы карыздарлан кутулуунун булактары табылып, элди жумуш менен камсыз кылуунун, ИДПны көбөйтүүнүн экономикалык пландары түзүлүп, ар бир кадамы эсептелип чыкса, айтса болот эле, же Ысык-Көлдүн жээгине асмандан жааган 20 миллиард АКШ долларына курула турган «Асман» шаарынын долбооруна ишенип айтып жатабы? Белгисиз...
Баса, Кыргыз Республикасынын эгемендик майрамында айрым татыксыздар мамлекеттик сыйлыктарды алышты. Алар боюнча шашпай токтолобуз. Дал ошолордун арасында женил-желпи чыгармаларды жазган, бульвардык калемгер Чолпонбек Абыкеев Кыргыз эл жазуучусу наамын алганы интеллигенцияны таң калдырды. Эрксизден баш чайкайсың...
Булак: Азия News гезити