www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Эгемендик алгандан кийин БУУга мүчө болуп, конституциябызды кабыл алдык", - дейт депутат Абдывахаб Нурбаев.
--"Эгемендик алгандан кийин Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болуп кирип, өзүбүздүн конституциябызды кабыл алдык. Дагы бир нерсе - Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен сөз эркиндигинин бар экени. Ушуну айтып кетким келет. Анткени, сөз эркиндиги аркылуу бизде жакшы жарандык коом пайда болду.
Бийликти көзөмөлдөп турганга мүмкүнчүлүк болду. Ошол бийликтин туура эмес жерлерин элге жеткирүүдө бул дагы биздин жетишкендиктердин бири.
Салыштырмалуу постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен акыркы убактарда, тилекке каршы, бул жактан да артка кетип жатабыз. 30 жылда жеткен кээ бир жетишкендиктерибизди акыркы жылда аркага кетип, азыр фейк маалыматтарды текшерүү боюнча мыйзам кабыл алынып кетти, тилекке каршы, бир каршы турганга карабай. Мен ушул сөз эркиндигин кошуп кетет элем", - дейт депутат.
Булак: NazarNews.kg