www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистандыктар аз да болсо өлкөбүзгө  салым кошуп жатышат. Мындай пикирди кечээ, 2-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков билдирди. 

- Артур мырза, коомду тынчсыздандырып жаткан түшүнүксүз адамдардын Кыргызстанга келип калышы сизди ойлондуруп жатабы? Ошол кишилерден чоочуласак болобу?

- Азыркы убакта биздин коомдо, өзгөчө Бишкек шаарында Пакистан, Индиядан келген жарандардын саны көбөйүп, көчөлөрдө үйүр-үйүр болуп жүрүшөт. Мен дагы алар боюнча кызыгып жагдайларын билдим. Биздин жаңы бийлик виза иштерин Пакистан менен жөнөкөйлөштүрүп койгон. Алар ошондон пайдаланышып биздин мамлекетке келип, эки жума обсервациядан өткөндөн кийин ПЧР тесттин тапшырып, жакынкы чыгыш Сауд Арабия сыяктуу өлкөлөргө иштегени чыгып кетишет экен. Ошондуктан алардан чоочулаштын кереги жок. Алар бир аз да болсо акча каражаттарын биздин мамлекетте коротушуп, кичинекей болсо дагы салым кошуп жатат деген ойдомун.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости