www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинин фондуна кирип, Ак үйдө убактылуу сакталып турган баалуу сүрөттөр 6-октябрга караган түнкү элдик толкундоолор маалында жоголуп кетти. Бул тууралуу атайын комиссиянын иши аяктаган соң белгилүү болгонун Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 20 эмгек президент жана өкмөттүн иш башкармалыгында 2010-жылдан бери убактылуу сакталып турган. Ак үйдөгү башаламандыктан кийин комиссия 12 эмгекти таап, калган сегизи жок экенин аныктады.

Табылбай жаткан сүрөттөрдүн тизмеси:

 

  • Сүймөнкул Чокморов "Цветение", 1987-жыл;
  • Петр Куринских "Ардагердин үй-бүлөсү", 1979;
  • Сүйүтбек Төрөбеков "Базар", 1991;
  • Гапар Айтиев "Чолпон-Атадагы кеч", 1953;
  • Александр Духанин "Коммунизм" колхозу", 1986;
  • Сабырбек Акылбеков "Жээк", 1967;
  • Леонид Деймант "Пржевальск шаарындагы ипподром", 1957;
  • Сүймөнкул Чокморов "Фазан тартылган пейзаж", 1986.

Табылган 12 эмгектин айрымдарына залака келтирилгени кошумчаланды.

Ушул тапта Гапар Айтиев музейинин жетекчилиги тиешелүү документтерди укук коргоо органдарына жана Мамлекеттик чек ара кызматына өткөрүп берип, издөө иштери башталды.

Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлиги мамлекет үчүн баа жеткис байлык болуп эсептелген бул эмгектерди башаламандык учурунда алып кеткендер болсо кайтарып берүүсүн суранды.

Эске салсак, 6-октябрга караган түнү "Ала-Тоо" аянтында чогулган эл Ак үйгө кирип кетишкен. Мурдагы митингдерге салыштырмалуу жоготуулар аз болгону менен ичинде бир топ эмерек, документтерге зыян келтирилген. Атургай ошол түнү 4-кабаттан өрт чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости