www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын чок ортосунда жайгашкан Ак үй 2010-жылдан бери эки тараптуу милдетти аткарып калды. Тилекке каршы буга чейин Ак үйгө суктанып сүрөткө тушкөндөрдүн саны азайып, 2010-жылдагы каргашалуу окуядан кийин ал жакты карап алып куран окуп жаткандарды көп эле кездештиребиз. Ал тургай ар жыл сайын апрель айында Ак үйдүн жанына келип маркумдардын жакындары гүлчамбарларды коюп кетишет. Ошол эле сол тарапта ак кара эстеликтин орнотулушу “эртеңкисин ойлобогон” эстеликтин ашмалтайын чыгарган азамат десек болчудай. Себеби, эстеликти баамдап караган кишиге “Ак үйгө тийбегиле” деген эле таризде тургузулуп калган. Ошентип сөздүн кыскасы акыркы жылдары Жогорку Кеңеш элдин көзүнө жек көрүнүп калса, элдин бийликке болгон ишеними барган сайын жоголуп бараткандай. Баса, баарынан дагы Ак үй айрым аткаминерлер үчүн акжолтой болбой калды. Акыркы жылдары канчалаган аткаминерлер темир тордун артына кетсе, айрымдары бул дүйнө менен коштошту. Буга чейин, айтымчы Света Тойгонбаева, “Ак үйдөгүлөргө азырынча ийгилик жок, үстүндө кара булут айланып, ичи кара дубага толуп калган”, дегени чындыкка жакындап кетет. Албетте көзү ачыктарга ишенүү ширк дегени менен чын эле Ак үй тарапка азырынча ийгилик жоктой...
Булак: NazarNews.kg