www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак жоолуктун касиетин билесизби?

Бирде бир Бөлтүрүк чечен эл аралап жүрүп бир кедейдин үйүнө кез келип, ошол үйгө түнөп кетүүгө аттан түшөт. Торгой камаса турбай турган жыртык кийиз үй, жерге төшөлгөн жыртык кийиз, ар жерде өскөн көк чөп, отурганга орун жок .

Үй ээси ийилип : 

- Аксакал төргө, жогору чыгыңыз - дегенде аялы салаарга төшөгү жок башындагы ак жоолугун жерге жая салыптыр .

 Ошондо Бөлтүрүк чечен : 

- Келин мындай кереметти ушул жашка келгиче көрбөптүрмүн. Сенин ак ниетиңе ыраазымын. Башыңан дөөлөт кетпесин - деп батасын берет да жерден эңкейип жоолугун алып берет да.

- Башына салынып ал - дейт 

Кедей жалгыз эчкисин союптур.

Бөлтүрүк чечен үй ээсине:

- Айылдын элин баарын чакыр .

Эттин баарын сал. Бөлтүрүк чечен менин үйүмдө бир нече күн конок болот деп кабар айт - дейт.

Айылдын эли бул кабарды уккан соң жапырт чогула кедейдин үйүнүн жанына ак кийиз үй көтөрүп, колунда бар дүйнөсүн алып, союшуна бирден мал жетелеп келе башташат .

Бөлтүрүк чечен бир нече күн болгон соң элге :

- Ушу мага атап алып келген дүнүйөңөрдү үй ээсине бергиле - деп үй ээсине батасын бериптир .

Ошол бата сөздөн соң кедей жигит байлык күтүп дөөлөттү адам болуптур. Ак жоолуктун касиети ушундай. 
Келин  Ак жоолугун менен жүгүнүп бата алат. Бата менен көгөрөт. 

Ак жоолук салынган келин түшкөн жеринен байлык дөөлөт издөө эмес, алтымыш  эки тамырын жибитип урпак болочогунун амандыгын тилөө керек экен.  

Келин ак жоолугун салынган күндөн баштап түшкөн жеринде элинин тилегин тилейт. Жаңы түшкөн келин ак жоолугун салынып жаңжал болгон жерге барып салам берсе, кан төгүш болсо да жаңжалын токтотушкан. 

Жаңы келин болуп келген келиндин ак жоолугун сыйлашкан. Ошондон кийин келиндерге ак жоолук ыйык болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости