www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда июль айындагы аптаптуу аба ырайынан улам электр энергиясын колдонуу жогорку чекке жетти. Бул тууралуу "Улуттук электр тармагы" ишканасы маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, быйыл жайкы керектөөнүн эң жогорку көрсөткүчү 27-июлда катталып, 35 миллион 353 миң киловатт-саатты түзгөн.
Учурда суткалык орточо колдонуу 34 миллион 300 миң киловатт-саат болууда. 2021-жылы бул көрсөткүч 32 миллион 76 миң, 2020-жылы 28 миллион 55 миң киловатт-саатка жеткен.
Кыргызстанда июль айында абанын табы 40 градустан ашты. Мындай ысыкта үйлөрдө жана жана ишканаларда кондиционер же башка салкындатуучу жабдуулар тынымсыз колдонулду.
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканасы жарандарды бир убакта бир нече тиричилик техникасын колдонбоого, электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды.
Булак: NazarNews.kg