www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Президент жана бомж”, “Москва сүйүүсү”, “Миллионердин сүйүүсү”, “Дүйнөлүк Назарбаев” тасмаларынын сценаристи жана продюсери, жазуучу Өмүрзак Төлөбеков менен маек
- Өмүке, Атамбаев жөнүндө кино тартканы жатканыңыз тууралуу маалымат каражаттарында дуу болду? Алмазбек Шаршеновичти даңазалаган ал тасманы качан тартып баштамакчысыз?
- Президент Атамбаев премьер-министр Жээнбеков, президенттик администрация башчысы Исаков, Бишкек мэри Ибраимов өңдүү башкы жан-жөөкөрлөрү менен бийликтеги мезгили тууралуу кино тарттырууну сүйлөшүптүр. Маселе кимге тарттырууга такалганда Исаков эки кино режиссёрдун ысымын атайт. Анда Алмазбек Шаршенович сурайт: “Президент жана бомжду” ушулар тартты беле?” деп. “Жок. Аны Төлөбеков тарткан. Бирок, ал Путин тууралуу китеп чыгарып, Москвада жүрсө керек”- дейт Исаков. “Путин жөнүндө китеп жаздыбы, ал китеп барбы, мага эмнеге берген жоксуңар?”- дейт Атамбаев нааразыланып. Ибраимов: “Ал деген Бакиевдер тууралуу да китеп жазган”,- дейт. (Бакиев бийликке келгенине бир жыл толуп-толбой, алар коррупцияга анча айыптала элек чакта дүйнөдөн эрте кеткен мыкты ишмер Жусупбек Бакиевди эскергем). Атамбаев: “Бакиевдер тууралуу китеп жазса эмне болуптур? Бакиевдер менен баарыбыз иштешкенбиз”- дейт. “Бакиевдердин акчасына кино тартат”- деп карандай калп менен шыбайт Ибраимов.
- Чынында эле Бакиевдердин каражатына кино тартып жүрөсүзбү?
- Баш калаанын башчысы, өлкөнүн ири жетекчиси курулай жалганды башкага эмес, дал мамлекет башчысына чындай кылып шыпыртканына таң калдым. Андай экен колдорунда бийлик, күркүрөгөн атайын кызмат турат, далилдесин. Кыргыз өнөрүн өстүрүү үчүн керек болсо, жашаган үйүмдү, машинемди сатып, Орус кино жылдызы Панкратов-Чёрный искусство үчүн жасаган курмандыгыма ыраазы болуп 5-10 миң доллардан кечип “Москва сүйүүсүнө” акысыз тартылса, биздин мэр мага окшогон өнөр дервиштерине үй тартуулап жалпы жумушка күйгөндүн ордуна, жок жомокту жоромолдогонуна жол болсун. Мына, акты карага айланткан, адилеттикти көз көрүнөө тепсеген биздин касиеттүү борбор шаарыбыздын тизгинчисинин деңгээли, атти-иң!.. Ушундан улам мага “Исаков менен Ибраимовго окшогон мажирөө аткаминерлер Атамбаевге туура эмес маалымат жеткирип, айкын жолдон адаштырып турат экен”,- деген ой келди. Аргасыздан учкул ыр саптары эске түштү: “Падышалар туура жолду көрө алышпайт, анткени, ага аны көрсөтүшпөйт!” деген өңдүү... Шефин байкабай “подставить” этип кечирим сураган (Кой-Таштагы жер тилкеси боюнча) Ибраимов байкабай калп айтып алды окшобойбу. Кийин ажого кайра киргенинде кең-кесири минтти окшойт: “Төлөбеков деген шүмшүк Бакиевдин нанын жеген, ошон үчүн бүгүнкү бийликти дайыма сындап (тоюс, жамандап) жүрөт. Мисалы, “Революция токтотулат” деген былжырак кино тартты эле биз чыгарбай койдук!”
- Бакиевдер менен иштешкенсиз да. Балким, мурда-кийин кинолоруңузга жардам беришсе, ошону айтып аткан жокпу?
- Жусупбек Бакиев фондунда Сабырбек Жумабеков, Дүйшөн Байтөбөтов, Керим Турапов, Орзубек Назаров өңдүү кыргыздын мыкты ишмерлеринин катарында коомдук башталышта кеңеш мүчөсү болгонум бар. Ошондо фонддо 2007- 2008-жылдарда Нурбек Эгендин “Манас” эпосу тууралуу жана Бекен Назаралиевдин “Бешик” тасмаларына 20 миң доллардан демөөрчүлүк жардам берилгени белгиленген. Ошондон улам Айбек Карымов экөөбүз “Сүйүү жана миллион” аттуу тасма тартууга 10 миң доллар сураганбыз.
- Ибраимовдор бузса, Атамбаев тууралуу кино тартылбайбы?
- Атамбаевге ыраазы болдум. Канткен менен илим-билимдүү, интеллект инсан. Биздин “Президент жана бомж” тасмабыз бийликке оппозициячыл болсо да аны баалаганына жана анын башкы жаратуучусу мага өзү тууралуу тарттырууга кызыкканына тен бердим... Бирок, Исаков менен Ибраимов өңдүү жан-жөөкөрлөрү жол тороп турганда Назарбаев тууралуу да алар айткандай тартпаган биз дагы эле башка жол менен кетебиз го... Назарбаев тууралуу кино тартылып бүтө жаздап калганда тасма жөнүндө маалымат берип, Нуракенин Кыргызстандагы жеңеси Турсун Акматаева эже Исаковго ээрчитип кирген. Сапар мырза тасманы олуп-чолуп көрүп, “Назарбаев тууралуу башкача тартыш керек. КТРКны же “Кыргызфильмди” кошолу. Мен каражат издештирейин”- дейт. “Биринчиден сиз тасманы толук көргөн жоксуз. Минтип ар жерин бир караганда тасма тууралуу туура түшүнүк болбойт. Экинчиден, мен КТРК менен да, “Кыргызфильм” менен да тартпайм. Мен эркин ой жүгүрткөн көз карандысыз киночумун”,- деп “баалуу жана бай” сунушунан сылык баш тарткам. Азыр Орусиянын теле каналдарына берүүлөрдү даярдаган дистрибьютердик борбор менен иштешип атам. Кыргыз киносунун учурдагы абалы тууралуу баян даярдап жөнөттүм. Эми Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылынан жубайлар Амантур менен Майрамкүл кичинекей орус кызы Аделяны бапестеп багып чоңойткону жөнүндө гуманизм жана эки элдин достугу тууралуу баян даярдап аткан чагым. Ал эми Атамбаев тууралуу тасмадан улам Москвалык кесиптештерим менен “Акаев, Бакиев, Атамбаев... Кыргыз революциялары” аттуу тасма тартуу кызыктуу болоорун чечтик.
- Анда Акаев, Бакиев, Атамбаев – үч президент тууралуу тартасызбы? Ал тасмада мурдагы президенттерибиздин (Атамбаев деле жакында экс-президентке айланат эмеспи) кемчиликтерин көбүрөөк көрсөтөсүзбү?
- Эмнеге кемчиликтерин? Чыгармачыл инсан ар дайым реалист жана обьективдүү болуш керек. Акаевдин да, Бакиевдин да, Атамбаевдин да Кыргызстанга жасаган мыкты кызматтары жок эмес. Аларды көрсөтпөсөк улуу акыйкаттан тайыган болобуз. Ооба, баары олуттуу кемчиликтерди кетиришти. Аны ортого коюп талкуулоо керек, кийинки тизгинчилерге сабак жана Кыргыз элине пайдалуу болсун үчүн. - “Революция токтотулат” деген тасмаңызды чыгарбай коюшканын эскерип өттүңүз. Ал Кыргызстан үчүн чындыгында коркунучтуу кинобу? - Бул - кыргыз киносунун бай тарыхындагы бийлик тарабынан басылып көрсөтүлбөй аткан биринчи фильм. Кыргызстан, кыргыз эли үчүн тескерисинче, керектүү тасма. Бийликтеги дал “шефин подставить” этип мамлекеттин, элдин байлыгын майкандап, революция жеңишин жокко чыгарган коррупционерлер үчүн коркунучтуу...
- Саясатка кирип кеттиңиз го. Көркөм тасмаларыңыз токтоп калдыбы?
- Саясат курчуганда Кыргызстандын атуулдук позициясы активдүү жараны катары элдин келечеги үчүн туура сөздү айтышка аракеттенип атабыз да. Көркөм тасма - менин башкы максатым. Буйруса, жакында “Президент жана бомж-3”тү тартабыз. Андан тышкары Орус телеканалы үчүн киносериалга сценарий жазып атам...
- Кыргыз тасмаларын эл аралык аренага алып чыгып, журтуңузга чоң кызмат өтөй беришиңизге тилек кошобуз!
Маектешкен Перизат Кутманалиева,
Булак: "Майдан. kg" гезити