www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акаев:

Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев маданият министри кызматына Мирбек Мамбеталиевдин талапкерлигин карап жатканда балдардан өлүмүнө токтолду.

Ал тиешелүү министрликтер ыкчам иштерди алып барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керектигин белгиледи. Бирок андай иш аракеттер жок экендигин, министрликтер «статистиканы көрсөтүп, тизмени берип отурушат» деп сындады.

«Акыркы бир жумада бизде үрөй учурган окуялар болуп жатат. Элестетиңиз, бир жумада 5, 6 бала асынып өлдү, ур-тормоктон каза болуп жатышат. Ысык-Көлдө, Ноокатта, Токмокто. МинКабдын төрагасы бардык министрликтерди чогултуп чукул жыйын өткөрүш керек болчу, эмне үчүн өткөрбөй жатышат? Жаштар саясаты да сизде, Мирбек Кемелович, ушул тармакты катуу көзөмөлгө алыңыз. Мен көргөн жокмун райондордо, шаарларды балдар менен иштешүүгө аракеттерди, жылыштарды. Балдардын коопсуздугу бүгүнкү күндө кооптуу абалда турат. Өнүккөн өлкөлөрдө бир баланын өлүмү мамлекет үчүн трагедия. Бала бир эле ата-эненики эмес, мамлекетики дагы», — деди Акаев.

Последние новости