www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдө дайынсыз болуп, изделип жаткан кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-февралда Ысык-Ата РИИБге жаран кайрылып, 2003-жылы туулган кызы 18-февралда үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын айткан. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү башталган.

Териштирүүдө төмөнкүлөр аныкталган. «18-февралга караган түнү кыз Гидростроитель айылындагы мектептин жанында таанышы менен жолуккан. Экөөнүн ортосунда уруш чыгып, таанышы кызга кол көтөрүп, бут кийиминин боосу менен муунтуп өлтүргөн. Кылмышты жашыруу максатында жансыз денени талаага алып барып, жалбырак, бактын бутактар менен жашырып, качып кеткен. Адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, 2004-жылы туулган шектүү кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда»,- деп айтылат маалыматта.

Последние новости