www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзү үчүн арстандай иштегендер, эли үчүн арыс чычкандай иш бүтүрө алабы? 2015 жылдан БНИЦТО мыйзамсыз иштеп жатканы белгилүү болду. 2004-жылы Акаевдин жардамы менен  БНИЦТО  түзүлгөн. 90-жылдары Накен Касиев жетектеген  «Манас», «Манас таалими», «Ден-Соолук» программалары буга жол ачкан. Акаев менен Накен Касиевдин реформасы советтик медицинанын таш-талканын чыгарып, министр менен граф Сабыр Жумабековдун күрөшүнө алып келди. Граф Сабыр Жумабеков ушул борбордун аркасы менен жетишкендикке жеткен. БНИЦТО 2017-жылдан толугу менен мамлекеттик бюджеттен камсыз болуп келген. Ар бир президенттин кареги менен тең айланган Граф элди-журтту теңсинбей калган. Президент Роза Отунбаевадан «Манас» орденин алган Граф «Кыргыз Эл Баатыры» болом деп умсунуп калган. Ушул иштердин башында турган Касиев 1988-1991-жылдары министрдин орун басары болсо, 1991-жылдан 1999-жылга чейин Саламаттыкты сактоо министри болгон. 1999-2000 мамлекеттик катчы, 2000-2005-жылга чейин Ош облусунун губернатору болуп Акаев менен кошо ушаланып кеткен.

 Касиевке бак конгон,

Акаевди таап конгон.

Мимикасын  үйрөнүп

Министрге шак конгон.

 

Семья менен дос болгон,

Секретарь «гос» болгон

Сезимдери козголгон,

Секирген жери Ош болгон.

 

Абайлап тизгин чоюпсуз,

Армансыз эле тоюпсуз,

Ач-жылаңач эл жүрсө,

Акаев экөөң толупсуз..

Накен Касиев 1947-жылы 22-сентябрда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында жарык дүйнөгө келген. Ата-энесинен эрте ажырап калгандыктан чоң ата, чоң энесинин колунда тарбияланган. Бала кезинде энеси көп ооруп ак халатчандар алардын үйүнө бат-баттан келип медициналык жардам көргөзүп турган. Ошондон улам болочоктогу профессор дарыгерликти аркалоону чечкен.

Мектепти аяктаган соң Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүрүп, кыргыз медицинасындагы Мамбет Мамакеев, Мирсаид Миррахимов, Ойрот Тургунбаев өңдүү чыгаан инсандардан сабак алып, тажрыйба топтогон.

Эмгек жолун Ош шаарындагы №1 ооруканасынан баштап, кийин эки жылдай Украинада аскер кызматын өтөп жүргөн маалда дарыгер болуп иштеген. Андан соң 15 жылдай Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык жана Нарын облустук ооруканаларында терапевт, кардиолог, башкы дарыгер болуп эмгектенген.

Эмгек сиңирген дарыгер тогуз жыл бою Салматтыкты сактоо министри болгон

Менеджер министр. Медицина илимдеринин доктору 1990-жылдары легендарлуу парламенттин депутаты, Салматтык сактоо министринин орун басары, кийин тогуз жыл министрликти аркалаган. Бул убакыт аралыгында каржынын жоктугунан ара жолдо калган медицинаны жолго салуу үчүн эл аралык уюмдар менен алака түзүп, уюштуруучулук жөндөмүнүн аркасында бир катар ийгиликтерге жете алган.

2000-жылдары эки жылдай мамлекеттик катчы, беш жыл Ош облусунун губернатору жана премьер-министрдин аппаратын убактылуу жетектеп калган жайы бар. Андан сырткары, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштерижана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин, Улуттук онкология борборунун директору да болгонго жетишкен.

Эмгек сиңирген дарыгер байбичеси менен бир кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн. Мамлекеттик ишмер учурда 72 жаштан өтүп калганына карабай Кыргызстан — Россия Славян университетинин ден соолук жана коомдун саламаттыгын сактоо кафедрасын жетектеп, жаштарды тарбиялап келет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

 

 

Последние новости