www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 5-февралда саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында Сабырбек Жумабековдун тарапташтары митингге чыкты.

Акциянын катышуучулары саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин отставкасын талап кылышууда.

Жүздөгөн кишинин катышуусундагы нааразычылык акциясы аталган министрликтин имаратынын жанында болууда. Ал жакка Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун кызматкерлери жана алардын тарапташтары чогулган. 

Ошондой эле митингчилер министрден трайбалисттик билдирүүлөрдөн алыс болуп, медициналык мекемени жайына коюуну талап кылышууда.

Жеринде кайгуулчулар нөөмөттө турат.

Эске салсак, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн кабарлаган. Жетекчиси Сабырбек Жумабеков да иштен алынганын айткан. Жаңы ооруканага директор кылып Гулия Кожакматованы жана башкы дарыгерликке Дамир Дүйшөновду дайындаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости