www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Регламентти бузуп, өлкөнүн эң башкы документин ушундай жол менен кабыл алсак шерменде Конституция болот", - деп бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

Ал Конституция долбоорун кароо маселеси боюнча пикирин айтты. Конституциянын долбоорунун демилгечилеринин бири Бактыбек Турусбеков мыйзам долбоорлору каралып жаткан учурда күн тартибин өзгөртүүнү сунуш кылган. Анын сунушу колдоо таап, депутаттар Конституциянын долбоорун бүгүн карамай болушкан.

"Биз азыр дагы регламентти буздук, күн тартиби бекитилген. Мыйзам долбоорлору каралып жатканда күн тартипке өзгөртүү киргизүүгө болбойт. Өткөн аптада дагы регламентти одоно буздук. Добуш берүү укугун башка депутат бергенге болбойт деп жазылып турат. Абакта жаткан депутат үчүн башка депутат добуш берген. Бул мыйзам долбооруна 2-3-окууда добуш берген болбойт. Кайра добуш беришибиз керек. Регламентти бузуп, өлкөнүн эң башкы документин ушундай жол менен кабыл алсак шерменде Конституция болот. Кечээ эмне үчүн тийиштүү комитеттин жыйыны болбой туруп 2-3-окууда бир караганга киргизип жатасыңар? Эң башкы мыйзамыбызды комитет карабай туруп, эң маанилүү учурда баары башын катып алып, үйлөрүнө барып кол койдуртуп келип, эмне Конституцияны ууруларча кабыл алабызбы? Ошондуктан баарыбыз маанилүү учурда чечкиндүүлүктү көрсөтөлү", - деди Жанар Акаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости