www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гүлнара-Клара Самат Бури Каримов менен жолукту

2021-жылдын 9-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Жолчулардын өкмөттөр аралык кеңешинин (ЖӨК) төрагасы, Катчылыктын башчысы Бури Каримовду кабыл алды. Бул тууралуу КРнын РФдагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө кызматташуу маселелери, анын ичинде жол тармагына жаңы технологияларды киргизүү жана колдонуу жаатында маселелер талкууланды.

Ошондой эле ушул жылдын май айына пландаштырылган КМШ мамлекеттеринин Жолчулардын өкмөттөр аралык кеңешинин демилгеси менен өткөрүлө турган эл аралык автожарыш боюнча пикир алмашуу болду.

Мындан сырткары, КМШ мамлекеттеринин Жолчулардын өкмөттөр аралык кеңешинин өкүлдөрү кызматташтыкты өнүктүрүү жана чыңдоо үчүн Кыргызстандын тийиштүү мамлекеттик органы менен жолугушуу жана иш-чараларды өткөрүү боюнча Бишкекке боло турган иш сапарынын пландары жөнүндө маалымдады.

Жолугушуунун жүрүшүндө жалпы кызыкчылык жараткан тыгыз эки жакка тең пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара кызыгуу билдирилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости