www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев азыркы президент Садыр Жапаров жүргүзүп жаткан экономикалык саясатты колдоп, өлкөдө жүрүп жаткан өзгөрүүлөрдү «кыргыз экономикалык керемети» деп атады.

19-июнда Чолпон-Ата шаарында өткөн Ысык-Көл эл аралык форумунда сүйлөгөн Акаев экономикалык өсүш жана ири долбоорлордун ишке ашырылышы оң жыйынтыктарды берип жатканын белгиледи. Анын айтымында, мындай реформалар толук натыйжа берүү үчүн кеминде 8–10 жыл убакыт талап кылынат.

«Кыргыз эли Садыр Жапаровго бул иштерди аягына чыгарууга кошумча мүмкүнчүлүк берсе, туура чечим кабыл алган болот», — деди Акаев.

Мурдагы президент ошондой эле өлкөнүн өнүгүүсү үчүн туруктуулук жана реформалардын үзгүлтүксүз улантылышы маанилүү экенин кошумчалады.

Последние новости