www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында Ю. Фучик көчөсүндөгү №54 орто мектептин жанында жайгашкан скверди көрктөндүрүү боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты.
Шаар мэриясынын маалыматына ылайык, долбоор Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын Шаардык дизайн бөлүмүнүн адистери тарабынан даярдалган.
Долбоор камтыган аймактын жалпы аянты 1,3 гектарды түзөт.
Жаңы сквер шаар тургундары жана коноктору үчүн коопсуз, заманбап жана ыңгайлуу эс алуу мейкиндиги катары пландалууда.
Анда эс алуу жайлары, балдар аянтчасы, воркаут зонасы, амфитеатр, жөө жана велосипед жолдору, ошондой эле унаа токтотуучу жай каралган.
Долбоордун алкагында аймактагы бак-дарактардын негизги бөлүгү сакталып, кошумча жергиликтүү климатка ылайык жаңы бак-дарактар жана декоративдүү өсүмдүктөр отургузулат.
Жалпы жашылдандыруу аянты 5 064 чарчы метрди түзөт.
Ошондой эле скверде заманбап жарыктандыруу системалары, отургучтар, таштанды урналары жана көлөкө берүүчү конструкциялар бирдиктүү архитектуралык стилде жайгаштырылат.