www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында кыргыз музыка өнөрүнүн көрүнүктүү өкүлү, Кыргыз Эл артисти, III даражадагы «Манас» орденинин ээси, профессор Улукмырза Полотовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Маркум менен коштошууга анын жакындары, замандаштары, шакирттери жана маданият ишмерлери катышты.

Улукмырза Полотов 83 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайткан. Ал кыргыз вокал мектебинин өнүгүшүнө зор салым кошуп, таланттуу аткаруучулардын бир нече муунун тарбиялаган көрүнүктүү педагог катары белгилүү.

Улукмырза Полотовдун жаркын элеси жана чыгармачылык мурасы кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталары белгиленди.

Последние новости