www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн 15-декабрда жарандык активист, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылып Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин астына пикетке чыкты.

Өндүрүш Токтонасыров мурдагы президентти актоо аракети болуп, өз учурундагы аракеттери үчүн жоопкерчиликке тартылбай жатканын айтууда.

“Аскар Акаев тарыхта кара тамгалар менен жазылып калган саясий инсан. Аны улам чакырып, сурамыш болуп кайра узатып жаткандары туура эмес. Аксы окуясы, Кумтөр боюнча жооп бериши керек” - деди Токтонасыров. Актвисит “Аскар Акаев кылмышкер, аны Орусиянын жарандыгынан ажыратууну өтүнөм”, - деген плакат көтөрүп алган.

Экс-президент Аскар Акаев жана анын жубайы Майрам Кыргызстандын паспортуна ээ. Бул тууралуу Акаевдин санаалашы Бекболот Талгарбеков мурдараак билдирген.

"Алар Кыргызстандан эч качан баш тарткан эмес жана убакыттын өтүшү менен мекенине кайтып келебиз деп дайыма үмүт кылып келишкен. Андыктан алар жарандыктарын алмаштырган эмес. Узак жылдар бою алар Москвада Кыргызстандын паспорту менен Кыргызстандын жарандары катары жашаган", - деп билдирген Талгарбеков Kaktus.media сайтына ушул жылдын 4-августунда.

2005-жылдын март айынан бери Орусияда баш калкалап келген Акаев быйыл 2-августта “Кумтөр иши” боюнча тергөө менен кызматташуу үчүн Кыргызстанга биринчи жолу келген. Бишкекте бир апта сурак бергенден кийин кайра Орусияга кеткен. 14-декабрда ушул эле иш боюнча тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн экинчи жолу келди.

Азыркы бийлик Кумтөр алтын кени боюнча эл аралык соттук териштирүүдө “Центерра Голд Компани” президенттерди "сатып алганын" далилдөөгө аракет жасай турганын билдирип, буга байланыштуу мурдагы президенттер Аскар Акаевге, Курманбек Бакиевге жана Алмазбек Атамбаевге кылмыш иши козголгонун маалымдаган.

Акаевге 1992-жылы "Кумтөр" долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүү жана 2003-жылы "Камеко" компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупцияга байланыштуу айып тагылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости