www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте эки мектеп жана эки класс карантинге жабылды

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун буйругу менен Бишкек шаарындагы №62 мектеп-гимназия жана №56 мектеп жарым-жартылай карантинге жабылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, №56 мектептин 5-11-класстарынын окуучулары 14-декабрдан 20-декабрга чейин карантинге жөнөтүлдү. Өз кезегинде башталгыч класстын окуучулары салттуу режимде окуусун улантышууда.

“№62 мектептин бардык окуучулары 15-декабрдан 24-декабрга чейин онлайн окушат”, - деп айтылат маалыматта.

Билим берүү башкармалыгы борбордогу жогоруда аталган эки мектеп жана 2 класс карантинге жөнөтүлгөнүн белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости