www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) "Түндүк" көмөкчордонуна жабдуулар жасалма сатып алынганын аныктады. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын кызматкерлери "Түндүк" көмөкчордонун модернизациялоодо кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган. Тендердик шарттарга жана Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын бюджетине дал келбеген жабдууларды жасалма түрдө сатып алып жана орнотуу иштеринде, 2,5 млн. сомдук зыян келтирилген.

Мындан тышкары, тергөөнүн жүрүшүндө ишкананын жооптуу кызматкерлери жең ичинен сүйлөшүүлөргө барып, техникалык негиздемеси жок болгонуна карабастан орнотмолорду кабыл алуу иштерин жүргүзүшкөнү аныкталган.

Буга байланыштуу ишкананын кабыл алуу комиссиясынын төрагасы Н.М.А. менен “Т-Р” жоопкерчилиги чектелген коомунун аткаруучу директору И.К.С. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Улуттук коопсуздук комитети кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган мамлекеттик кызматкерлерди буга чейин да кармаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости