www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талант, эмгек, жɵндɵм жуурулуша келген инсандар ар бир иштин майын чыгара аткарат ɵӊдɵнɵт. Ошондой инсандардын бири, жазуучу-драматург Султан Раев экендиги талашсыз. Анткени, анын эл жүрɵгүнɵн түнɵк тапкан чыгармалары менен драмалары ага күбɵ.
Султан Раев жазуучу, драматург, журналист болуп чекелбестен, ар дайым эл кызматында болгон коомдук ишмер катары да белгилүү. Эмесе, бул каарманыбыз менен курган маегибиз да сизди кайдыгер калтырбай, кызыктуу болору чындык, окурманым. Кɵптɵгɵн эл аралык сыйлыктардын ээси. Анын чыгармалары орус, англис, француз, түрк, кытай, казак, ɵзбек, фарси, украин тилдерине которулган. КМШ мамлекеттик сыйлыгынын (Москва-2010.), Премия Мира «Шелковый путь» сыйлыгынын лауреаты, Алтын медалдын ээси (Пекин-2012), Улуу Британия королевасы Елизавета II нин жеке чакыруусу менен дүйнɵлүк атактуу адамдар менен бирге Букингем Сарайына чакырууга татыктуу болгон.
- Υркүндɵ Орус падышачылыгы кыргыздарды аёосуз кырган, геноцид болгон деген маалыматты кээ бир окумуштуулар ооба геноцид болгон дешүүдɵ, кай бир тарыхчылар мындай пикирлерге кошулбай жатат. Сиздин оюнуз?
- Ар бир эл, ар бир улуттун тарыхында көптөгөн кайгылуу окуялар болгон. Мындай оор тагдырды жер бетиндеги бардык улуттар башынан өткөргөн. Кыргыз эли үчүн 1916-жыл ошол кара тактын бири. Кайгылуу мезгилдин коңгуроосу. Биз өткөнгө өкүрбөй, андан өрнөк алуучу сабакты издешибиз керек. 1916-жылдын башкы маңызы, тарыхый сабагы эмнеде? Бул окуя ыдырап кокту-колот психологиясы, майда хандык, уруулук тайпаларда жашап келген кыргызды эл катары биригүүгө, кыргыз мамлекетин куроого чакырды. Мамлекет идеясы ошондо жаралды. Кыргыздын ошо кездеги мартабалуу адамдары бирикпесек бириндеп жок болобуз деген ойду түшүндү, биригүү идеясы келип чыкты.
- Улуттун жүзү маданиятта жана Тарыхы болбой эл болбойт деген учкул сɵздɵрүбүз бар. Дүйнɵ эли бизди «Кɵчмɵндɵр оюну» боюнча канчалык деӊгээлде таанып калаар экен…
- Көчмөндөр оюну аркылуу биз өзүбүздү тааныталы деген ой менен эмес, биз көчмөн духтун күчү, энергиясы канчалык күчтүү экенин дүйнөгө жар салышыбыз керек. Көчмөндүк бул – дүйнөлүк цивилизациянын бир тиреги, Рим, Египет, Чыгыш цивилизациясы дей турган болсок, ал цивилизацияга теңдеш, дүйнө өнүгүүсунө өзгөчө роль ойногон көчмөн цивилизациясы тууралуу сөз кылышыбыз керек. Көчмөн маданияты, духу – дүйнөлүк, адамзаттык өнүгүүнүн өзгөчө феномени. Биз көчмөн маданиятын таанытууга эмес, дүйнө аны танууга шарт жаратып жатабыз.
- Лондондо «Ханышанын кɵз жашы» пьесаӊыз коюлуптур. Кенен токтоло кетсеӊиз…
- Лондон, Англия бул дүйнөлүк цивилизациянын эпицентри. Театр өнөрүнүн Меккеси. Шекспирдин – Мекени. Ушул сөздөрдө эле... бул өлкөнүн улуулугу жатат. Демек, ушундай жерде кыргыз драматургунун чыгармасы коюлуп жатканы чоң жаңылык гана эмес, ошондой бийик жерде кыргыз драматургиясы да дүйнөлүк театр алкагында атаандаштык, руханий атаандаштык жарата алат дегенге тете. Биздин спктаклди ойноп жатып британиялык артисттер кыргыздын жан дүйнөсүн, философиясын өздөрүнө сиңирди...
- «Суфлёр» спектакли Лондон театрына коюлду. Сиздин кубанычты билсек дедик…
-Бул биздин кош кубаныч. Британиялык театр сынчылары спектаклибизди жактырып, аны тандап алыптыр. Кадыр-барктуу театр фестивалына чакырганы биз үчүн чоң жоопкерчилик. Анткени, кыргыз спектакли тарыхта биринчи жолу Лондондогу театр фестивалына катышканы биздин чоң утуш.
- Кыргыз маданиятын, тарыхын, үрп-адатын, каада-салтын ааламдашуу процессинде Батыш маданиятынын таасиринен кантип сактай алабыз?
-Түкүргөн менен какырганды таштаганда. Ушул эки адатты таштаган улутту эч качан, эч убакта ааламдашуу процесси жер менен жексен кылалбайт...
- Эгемендүүлүктү колго алгандан бери канча Президент алмашты. Ошол күндɵн азыркы күнгɵ чейинки тарыхыбызды алып, тарыхый роман жазууга болобу?
-Ал тарыхты мезгил жазды. А, биз жазуучулар аны көчүрүп чыгышыбыз керек.
- Акыркы учурларда кыргыз адабиятын жеӊил-желпи чыгармалар толуктап келет деген түшүнүктɵр коомчулукту ойго салат. Бул эмне, кɵркɵм адабияттын кɵрɵӊгɵсү тɵмɵндɵп кетти деген түшүкпү же адабий сын алгылыктуу болбой жатабы?
-Адабият эч качан аксабайт, эки балдак менен калган табитибиз гана аны аксатышы мүмкүн... Ал эми андай табиттерди жɵнгɵ салып туруу чын эле адабий сынчыларынын эмгегине жараша болушу керек.
- Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II менен атактуу Букингем Сарайында жолукканыӊызда сиздей инсанды кандай эне тɵрɵдү экен деп суроо узатканда пахта терип иштеп балдарын чоӊойткон карапайым энени укмуштуудай сүрɵттɵп бергениӊизди окуганым бар. Ошол жолугушуудан кыскача айта кетсеӊиз, ошондогу толкундоолор бизге кызык…
-Мен Улуу Британиянын королевасын көргөнүмдө көзүмө жаш алдым. Анын эки себеби бар эле, биринчиси өмүр бою пахта таласынан белин көтөрбөгөн апам болду, экинчиси чаңда өскөн уулунун ушундай кубанычын азыр көрө албай турганы... Адамдын бир гана карызы бар. Ал эне алдындагы карызы... Дүйнөлүк биринчи аристократ аялдын ушунчалык жөнөкөйлүгү... мени таң калтырды... Кичинемде жомокту көп окучу элем, бирок королева менен жолугам деген оюм ошол жомокто да жок эле...
- Бүгүнкү ишти эртеӊкиге калтырсак бүгүнкүгɵ чыккынчылык кылган менен барабар дешет. Бир иштин аягына чыгасызбы?
- Бүгүнкүгө чыкынчылык кылган адамдардын биримин. Ар бир күндүн өзүнө таандык касиети бар. Убагында бүткөн иш, Кудайга берген убадага тете. Тилекке каршы, баарыбыз эле сиздин сурооңуздагыдай “бүгүнкүгө чыккынчылык” кылып келебиз. Бул сөздү тикелей түшүнбөшүбүз керек. Анын башкы мааниси - ар бир күнүндүн баркына жете бил, анын сенин өмүрүңдөгү кымбат экенин сезе бил деген чындык жатат...
- Элдин баарында кемчилик болот. Бири сɵɵгү менен кошо жаралган кемчилик, экинчиси жугузуп алган кемчилик. Сиздин кандай кемчиликтериӊиз бар?
-Кемчиликти эчтеке менен актай албайсың. Ал каныңа бүткөн күндө да, аны “жугузуп алган” күнүңдө да....
- Жүрɵктүн арам оюн жүздүн анткор жылмаюусу далдалап жаап турат деген экен У. Шекспир. Бул керемет накыл кеп сɵз кадырлаган инсандын чечмеленишинде кандай болот болду экен?
-Жашоодо баарыбыз эле бет кап кийип алганбыз. Аны сыйрып салсак, күндүн бети да кызарып чыкмак... уятынан...
- Кɵк беттик кээде чечкиндүү кадамдарга алып барат. Чечкиндүүсүзбү?
- Бу сурооңуз мени жаңы макалды чыгарууга түрткү берди. “Чечкиндүүлүк аялындын алдында турганда эмес, чɵйрɵнүн алдында турганда билинет”
- Кепти баамдап ук, ашты даамдап жут. Сɵз- кɵɵнɵргүс дɵɵлɵт эмеспи. Биз тарбияны улуулардын айткан насааттарынан алдык. Азыркы жаштарыбызга насаат айтчу карыялар калдыбы?
-Азыркылардын көбү насаат эмес, насбай чеккенди үйрөтүп жаткандай туюлат мага. Акыл айтам деген ким, аны угам деген ким? Ушул суроону өзүм үчүн тактагым келет. Азыр биз бирин – бири угалбаган кыйын заманга келдик...
- Тазалык, аруулук сиздин баамыӊызда…
- Ал чындап эле бар болсо, аны издеп табалы... Кир-когу аралашкан заманда...
- Эч кимге ооз ачпаган сыр сыр эмес, бирɵɵгɵ шыбыраган сыр-жашыруун сыр. Сиз сырга бекемсизби?
- Сырдын сыры күбүлуп калган мезгилде... сыр деле калбай калды го...
- Жаш ɵйдɵлɵгɵн сайын мырзалар азилге жакын болот дешет…
- Азилди түшүнбөй баратканың... карылыкты жандап калганың...
- Абийир дегендин ɵзү кызмат акыбыздан жогору туруусу зарыл экен. Абийир сиз үчүн?
- Жашоо. Адамдай жашоо...
Динара Асылбекова
Булак: NazarNews.kg