www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги имараттардын фасадын Алматы менен Ташкенттегидей кылып бир түскө келтирүү пландалууда. Бул тууралуу вице-мэр Максатбек Сазыкулов билдирди.

Максатбек Сазыкуловдун айтымында, алгач башкы көчөлөрдөгү биринчи линияда жайгашкан имараттарды, андан соң короонун ичиндеги үйлөрдүн тышын сырдоо пландалууда.

"Тилекке каршы, буга чейин системасыз, башаламан курулуш иштерине жол берилген. Ал өз учурунда желдин согушуна жана ыштын пайда болушуна таасирин тийгизди. Август айынан тарта шаардын архитектуралык көрүнүшүнүн концепциясын түзүү боюнча чоң иш башталды. "Бишкек башкы архитектура" түзгөн долбоор эми талкууланат. Биз Бишкектин тышкы көрүнүшүн бирдей форматка алып келебиз. Бир ай мурда мэриянын чечими менен калаанын борбордук бөлүгүндөгү башаламан илинген баннерлер алынган", — деди ал.

Сазыкуловдун айтымында, алгач башкы көчөлөрдөгү биринчи линияда жайгашкан имараттарды, андан соң короонун ичиндеги үйлөрдүн тышын сырдоо пландалууда.

"Мисалы, биздин коңшулар, Алматы жана Ташкент сыяктуу ири шаарлар ушундай форматка өтүп жатат. Алар бардык имараттардын фасадын бирдей түскө сырдоодо. Биз дагы ушул процессти баштайбыз. Учурда архитектуралык тышкы көрүнүштүн концепциясын күтүп жатабыз. Даяр болсо эле баштайбыз", — деди вице-мэр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости