www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таласта өткөн шайлоодо Президенттин "таза шайлоо" аракети, мыйзам деген "өлдү". Бул тууралуу журналист Кунболот Момоконов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты. 

"Бул бийлик деле тазаланууну, мыйзамдын үстөмдүгүн каалабайт экен. 

Аңырайып ачык көрүнүп турган мыйзам бузууларды атайын мыйзамчыл кызмат "жок" деп турса, анда биздин өлкөнүн да көрөөр азабы алдыда окшойт... Эртеби-кечпи, эртең бүрсүгүнүбү эл өзү баардык чындыкты айтып чыгат, видеолорду ушул эле жайытка өздөрү жүктөйт, айтат, кеп кылат ошондо эмне дейт бийлик?

ИИМ өз күнөөсүн, тийиштүү мекемелер кетирген кемчиликтери үчүн жоопко тартылабы? Эл алдында эмне жооп кылат? Баары кеч болот. 

Биз ушундай ыплас шайлоолор менен  кете берсек өлкөдө дегеле тынчтык болойт. Коомчулук назарын өлкө бийлигинин адилеттүүлүгүнө, алардын күчүнө, чын эле таза болууну каалап тураарына саресеп салып карап турат.

Менимче, бийлик өз керт баштарынан, шайлоонун эртеңинен коркуп, адилетсиздикти адилеттүүлүкө, мыйзамсыздыкты мыйзамдуулукка жаткырып, жайсалдагысы келет. Коркот. Ооба, баарыбыз шайлоодон тажадык. Эл дагы. Иштесек болот эле. Эңшерилген экономика, түрдүү кымбатчылык кысымдар баарыбызды жүдөтүп туру. Мындайда биримдик анан ынтымак керек.

Тилекке каршы, андай болбой ачуу чындыктар алдыда айтыла тургансып калды...  Кыргыз чындык менен адилетсиздик өлгөн жерде жөн отура албайт. Таласта шайлоонун чындыгы өлдү... Кыргызда жакшы сөз бар: "Теменени капка каталбайсың", - деп жазды ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости