www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акаевдин арызы Жогорку Кеңештин жыйынында каралат

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети мурдагы президент Аскар Акаевдин экс-президент макамын кайтаруу маселесин кароо үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу өтүнүчүн четке какты.

Акаевдин арызы комитеттин бүгүн, 24-сентябрындагы жыйынында каралды. Комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова билдиргендей, Акаев катында депутаттык комиссия түзүп, Убактылуу өкмөттүн 2010-жылдагы аны экс-президент макамынан ажыраткан декретин жокко чыгарып, «экс» макамын кайтарууну өтүнгөн.

Комитет арызды карып чыгып, Акаевдин депутаттык комиссия түзүү өтүнүчүн четке кагуу тууралуу чечим кабыл алган. Бул чечимди комитеттин көпчүлүк мүчөлөрү колдоду.

Эми аталган маселе жана Акаевдин арызы Жогорку Кеңештин жыйынында каралат.

Эскерте кетсек, быйыл 5-сентябрда Акаев экс-президент макамын калыбына келтирүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңешке кат жолдогону белгилүү болгон.

Последние новости