www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камчыбек Ташиевдин атын жамынып, ишкерлерден акча алган шектүүлөр кармалды

Жеке ишкерлердин акча каражаттарын алдоо жолу менен ээлеп алган шектүү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Ош облусунун 2 тургуну кармалды. Алар УКМК төрагасынын атына жамынып алып, жеке ишкерлердин ири суммадагы акча каражаттарын алдоо жолу менен ээлеп алышкан. Мындан тышкары, Ош облусунун тургунуна тиешелүү болгон Ош шаарындагы батирдин бир бөлүгүн жасалма документтер менен алар тараптан мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды.

Учурда кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, мыйзамсыз аракеттердин башка фактыларын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Последние новости