www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акаевдин бийликке келиши... Масалиевдин тагдыры...

VII бөлүм

Жогоруда айтылгандай, Жогорку Советтин туруктуу комиссиялары өкмөт мүчөлөрү толук шайланып бүткөндөн кийин, алтымыш депутат сөзгө жазылып, шайлоочулар тарабынан берилген наказдар, региондордогу абал, элдин көйгөйлүү маселелери, мындан сырткары айрым өкмөт мүчөлөрүнө карата сын-пикирлер айтылат.

Мисалы, Жаңыл Түмөнбаевага, Ян Фишерге, Ү.Сыдыковго, В.Гончаровго, А.Железновго ж.б. каршы же аларды коргоп айтылган сөздер болот. Ошол депутаттардын арасынан дагы бир депутаттын сөзүнөн үзүндү берүүнү туура таптым.

Депутат С.Камалов: - Бисмилла иррахмани ррахиим. Азыркы бүтүндей өлкөнү камтыган кайра куруунун, адамга аяр мамиле жасаган саясаттын натыйжасында, биз диний кызматкерлер, биздин мамлекеттин тарыхында эң биринчи жолу эл депутаттыгына шайланууга укук алып олтурабыз. Биз муну мамлекет менен диндин ортосундагы мамилелердин жакшырышы катары карайбыз...

Адеп-ахлак менен ыйманды тезинен тазартуу зарылдыгы айдан ачык... Кайсы гана дин болбосун, ар түрдүү улуттагы адамдын бир туугандык биримдигин... бардык адамдарды урматтоо сезимин, кайрымдуулук менен боорукер дикти тарбиялайт. Ислам дининде ушулардын баары айтылган.

Ыйык Курандын бир аятында мындай делет: «Оо, адамдар! Биз силерди бир эркек, бир аялдан жараттык, бири-биринерди билишилер үчүн ар кыл улуттарга, элдерге бөлүп койгонбуз...»

Мурда куугунтукка алынып, кайып болгон маданиятыбызды калыбына келтирүү үчүн жумуруятыбызда бир диний медресе ачууга убакыт жетти... Куран жана башка диний китептерди чыгарууну жолго коюшубуз керек... Рухий таалим-тарбия айрыкча көңүл бурулуп жаткан учурда диний киши лерге уналгы, сыналгы жана гезиттерде кеңири катышууга укук берилсе...

Карабахтагы, Ферганадагы, Абхазия менен Грузиядагы. Азербайжан менен Армениядагы, Балтика боюндагы республикалардагы, Молдавия мене Батыш Украинадагы окуялардын кайталанбашына жол бербөө жана ишеним. Биз дин кызматкерлери бул көрүнүштөрдү айыптайбыз... Алла-Тааланын алдында бардык улуттар менен элдер бирдей. Буга пайгамбарыбыздын мындай сөздөрү күбө: «Кудай алдында жердеги адамдар тарактын тишиндей тептегиз...»

...Азыр союздук республикалар суверендүүлүккө жетишип жаткан убакта озун өзү башкаруу, өзүн-өзү каржылоо менен камсыз кылууну ишке ашыруу учурунда кыргыз мусулмандары да өзүнүн келечеги үчүн, кыргыз калкынын келечеги үчүн, өзүнүн диний башкармасын түзүшү зарыл жана ал азыркы учурдун талабы деген да болот. Дин мамлекеттен ажыратылган деп эле өзүбүздү таштап койбостон, Кыргыз ССР Жогорку Совети ушул маселеде бизди колдоого алышын сурайбыз (аталган стенографиялык отчет, 241-243-66.).

Сессиянын жүрүшү боюнча да сөздер көп айтылат жана ага терага А.Масалиев улам жооп берет. Мисалы, депутат К.Касымалиев: ... «Эгерде сессиянын жүрүшү жөнүндө сөз кылсак, анда партиянын Пленуму кандай болсо, ошондой сценарий менен кетти. Өйдө да кеттик, ылдый да кеттик. Бир дагы маселени, бир дагы кадрды тандоо боюнча биздин сөздер угулган жок.... (аталан стенографиялык отчет. 256-6.).

Председатель А.М.: - Бул киши биз кадрларды чечкенге эч катышкан жокпуз деди, менин оюмча, бекер эле сөздү айтып жатабыз. Сиздер, ушул жерде олтургандар чечтиңер, шайладыңар. Өкмөттңн составын да сиздер чечтиңиздер, туруктуу комиссияларды да сиздер чечтиңиздер... Бирөөнү бирөө кыскан жок... Мына минтип кол көтөр деген жок (стенографиялык отчет, 257-б.). Сессияда улут маселесиндеги айрым ой-сөздер дагы айтылат.

Депутат Глушичтин үстүнөн түзүлгөн комиссия ишин аяктайт. Депутат Ж.Садыков: - Жер жөнүндө талкуу жүрүп жатканда жолдош Калашников өзүнүн туура эмес пикирлерин айтып өттү. Алып айтканда, биздин жер алган балдарды газетага жазганда да «баскынчылар» деп жазган болчу. Ошол сөзду азыр да кайталап, кокутуп жатат. Бул тынчып калган маселе. Биздин өкмөт менен партиябыз абдан туура чечимге келген, ал балдарга жер берилди. Үйлөрүн куруп жатат... Ошолорду Столыпиндин саясатына салыштырып кароого болобу? Столыпиндин убагында аларга 50 миң сом акча, бодо малдарды берип, биздин жерлерди тартып алууга жиберген. А биздин өзүбүздүн балдарды каякка жиберишибиз керек? Тоо-тоонун башына кайра көчүрөбүзбу... Калашниковдун... сөздөрүн... Барпы Рыспаевичтин...

менин сөзүмду дагы теледен көрсөтпөө керек. Депутат Калашников: - «Баскынчылар» деген сөздү макаламда сүйлөгөн сөзүмдө да айткан эмесмин....

Председатель А.М.: - Жок, «өздөрү басып алган» деген сездү айтып жибердиңиз окшойт. Ошондой эле Столыпин тууралуу да айтылды... Телекөрсөтүү аркылуу көрсөтпөй эле койсок. Жолдош Глушич боюнча түзүлгөн комиссиянын атынан депутат Кузнецов сөз сурап жатат...

Депутат Г.С.Кузнецов: Комиссия иштин жагдайларын иликтеп көргөндөн кийин жолдош Глушич тарабынан капысынан, байкабастыктан кемчилик кетип калгандыгын белгилеп... Глушич кечирим сурап койсо...

Председатель А.М.: - Анда жолдош Глушичке сөз берели.

Депутат В.Д. Глушич: - Жолдоштор, мен өзүм, негизинен, интернационалдык позицияда турганымды дагы бир жолу белгилеп кетким келет. Өзүмдүн сөзүмдө кандайдыр бир жаңылыштык кетсе кечирип койгула... талаш-тартыш учурунда кызуулук менен айтылып кеткен сөз үчүн кечирим сурайм. Мындан ары мындай сөздөр айтылбайт деп сиздерди ишендирип кетем (аталган стенографиялык отчет, 306-6.).

Бирок Глушич өзү маскаралаган кыргыз элинен кечирим сураганы байкалбайт, болгону депутат коллегаларынан кечирим сурайт. Бирок ага карабай, 150 жылдай Орус империясынын колониясы катары эсептелген кыргыздар үчүн жана бул маселени сессиянын башында көтөрүшкөн депутаттар А.Эркебаев, Ж.Садыков, К.Бобулов, К.Акма товдордун жана жалпы кыргыз коомчулугунун кичинекей да болсо жеңиши деп эсептейм.

Өзү жашап, өзүн депутат кылып шайлаган түпкүлүктүү элди кандай гана жол менен болбосун шылдыңдоого болбой турганы башка депутаттарга сабак болду. Сессиянын аягында депутат К.Акматов көпкө сүйлөп, «Ата Мекен, эне тил коомдорун түзүүгө өкмөт жардам берсе, ал эми 21-мартты Нооруз күнү, 23-сентябрды Эне тил күнү катары Указ менен жарыялоону Масалиевден суранат (23-сентябрь бир жыл мурда Мамлекеттик тил күнү катары ПВСтин чечими менен жарыяланган А. Б). Граждандык жөнүндөгү мыйзамды юстиция министрлиги эмки сессияга даярдоону сессия тапшырса деген сунушту, мындан сырткары гезит, телеберүүдөн «Демократия», «Демократиялык мамлекет...» «Федерация» деген эмне? Принциптери кандай болот? Өзүн-өзү башкаруу, парламент, анын функциялары, суверендүүлүк деген эмне, ал кандайча уюштурулат ж.б. маселелер боюнча үйрөнүшүбүз керек экен, сессияны карап олтуруп, ушундай чечимге келгенин ортого салат.

Аягында ачык оюмду айтпадымбы мен, бирок ошону кээ бир жолдоштор жердешчилик кылып жатат, кимдир бирөөгө каршы күрөшүп жатат дегендей түшүнүп жатат... Үйгө чейин звонить этип, коркутуп, тээтиги мен олтурган жерге фашисттин свастикасын тартып сага көрсөтөбүз, сазайынды беребиз деген сөздөрдү айтканынан эл ичиндеги байланыштын экинчи деңгээлине көтөрүлө албай калсак, анда уят болуп калабыз... дейт (аталган стенография лык отчет. 308-310-бб.).

Депутат И.Айтматов: - Регламентти бузбасак... өз сөзүбүздө түштүк-түндүк деген сөздү колдонбосок... Жогорку Кеңеш облкеңеш, райкеңеш чече турган маселелерге түшпөсек...

Келектеги сессияга рeспубликанын рыноктук экономикага өтүшүнүн шарттары жөнүндөгү маселени, аны күн тартибине киргизишибиз керек (стенографиялык отчет, 310-311-бб.).

Председатель А.М.: - Дагы ким сүйлөйт, жолдоштор? Бүттү гo Урматтуу депутаттар, ушуну менен биз биринчи сессиябызды аяктап жатабыз... Биринчиден, сессиябыз жаңыча өттү... Мындан да жакшыраак, мындан да кызыгыраак өтүшү керек эле, бирок бул биздин биринчи эле сессиябыз эмеспи...

Депутаттардын көпчүлүгү жаңы шайланган болуп жатат... Баарыбыз үйрөнүп жатабыз... Сессиянын жүрүшүндө 186 киши жарыш сөзгө... бардык маселелер боюнча 318 киши сүйлөдү. Мындай мурун эч качан болгон эмес. Кээ бир жолдоштор сессия партиялык принципте болуп калды дейт, менимче, бул жаман эмес, партиянын да жакшы жактары бар... Тартиптүү өттү... Негизинен жакшы өттү... Жакында СССРдин президенти жолдош Горбачевдон бир көрсөтмө келди...эт, сүт тапшыруу азайып кеткени айтылган. Анын эт, сүт... малдын башын 12-15 миллионго жеткирбей, 8-9 миллиондон ашырбай тубар койду, менчик малды көбөйтүп туура иштесек, 1995-жылга чейин азык-түлүк программасын чечебиз деген ой бар...

Уландысы бар...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости