www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Былтыркы парламенттик шайлоодо «Кыргызстан» партиясы үчүнчү орунда келген. Мунун сыры эмнеде? 2020-жылы өлкөнүн парламенттик шайлоо учурундагы дагы бир алдамчылык фактысы аныкталды. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо ири суммадагы акчаны алдоо жана мыйзамсыз алуу фактысы кайрадан аныкталды.

“Кыргызстан” саясий партиясынын мүчөсү жана өлкөнүн парламентинин экс-депутаты Руслан Чойбеков тарабынан, депутаттык мандат үчүн 300 000 АКШ доллары (25 млн 500 миң сом) өлчөмүндөгү акча каражат алынып, арыз ээсине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

2021-жылдын 16-сентябрында жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгына жана алынган далилдерге негизинде аталган Руслан Чойбеков КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү (ири өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча кылмыш жасаган деп шектелип кармалып КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жакын арада тергөө Руслан Чойбековду тергөө иши бүткүчө баш коргоо чарасын кабыл улуу маселесин карайт, тергөөнүн алкагында бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган толук чаралар көрүлөт.

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган:  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости