www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
IX-бөлүм
Мына ушинтип Топчуке айткандай. Компартия өз ичинен жыдып, өзүнүн айласын таппай жаткан мезгилде, 4-июнь,1990-жылы каргашалуу Ош коогалаңы башталат. Бул кандуу коогалан жөнүндө убагында СССРдин, Кыргызстандын компартияларынын БКда, Жогорку советтеринде, саясий коомдук бирикмелерде нечен жолу каралып, нечендеген саясий коомдук ишмер, жеке адамдар, айрым илимпоздор тарабынан анализделип, иликтенип, анын келип чыгышынын себептери, кесепеттери, күнөөкөрлөрү жөнүндө ар кандай карама-каршылуу тыянак чыгарылган.
Башкасын айтпаганда да, Ош коогаланынын баш күнөөкөрү А.Масалиевдин, ошол кездеги өкмөт башчы А.Жумагуловдун, бийликтин ошол кездеги башкы идеологу М.Шеримкуловдун, ошол кездеги Ош обкомунун биринчи катчысы Ү.Сыдыковдун, ошол кезде А.Масалиевди кетсин деп, Кыргызстанда биринчи жолу ачкачылык акциясын баштаган Т.Тургуналиевдин ж.б. мемуарларында кенен-кесир айтылган.
Айрыкча ошол окуяны ичинде жүрүп көргөн, даректүү, расмий документтерге таянып жазылган Т.Раззаковдун Ош коогалаңы жөнүнүдө китепчеси да (Т.Раззаков: Ош коогаланы. Бишкек, 2011-ж.) бул маселенин жөнөкөй эместигине, дагы алдыда тарыхчылар, саясат таануучулар тарабынан эчен ирет изилденээринен кабар берет. Менин максатым, 1990-жылкы июнь айындагы Ош окуясын изилдөө болбогондуктан, ал окуянын ошол мезгилдеги Кыргызстандын саясий турмушуна кандай таасир бергендигине басым жасадым.
Бул каргашалуу окуя, А.Масалиев башында турган Кыргызстан Компартиясынын Кыргызстандагы бийлигин кулатуу үчүн кыргыз парламентиндеги өздөрүн «демократпыз» деп эсептеген коммунист-демократтар үчүн да «көктөн издегени жерден табылат» дегендей эле болду. Көчө демократтары КДКга биригишсе, бийликтеги коммунист-демократтар күзгү, кезексиз экинчи сессиянын алдында «За демократические обновление, за гражданское согласие в Киргизии» деген депутаттык топту түзөт. Анын башында Жогорку Советтин депутаттары Ж.Сааданбеков, И.Айтматов, Р.Абдысаматова, К.Асанов, Г.Кузнецов, А.Муралиев, В.Янцен, А.Эркебаевдер тең-төрага катары турушту.
Өздөрүнүн түзүлгөндүгү боюнча «Снять перестройку с якоря» деген билдирүүсүн 1990-жылдын 18-сентябрындагы «Советская Киргизия» гезитинин санына 114 депутаттын атынан билдиришет. Алар өлкөдө болуп жаткан саясий кырдаалга сын көз карашын айтып, социалдык-экономикалык жана саясий кризистен чыгуу боюнча өздөрүнүн кандай позицияда болоорун минтип жарыялаган: «В политической сфере: Разделение власти на три ветви:
В избирательной системе:
– Прямые общенародные выборы президента и председателя Верховного Совета обязательно на альтернативной основе:
– Партийное равноправие...
В национальной политике:
– Кыргызстан – суверенное, многонациональное, правовое государство;
– Народ – носитель суверенитета... источник госвласти;
– При Верховном совете создать совет национального согласия с обязательном участием представителей малых народов.
Мындан сырткары, союздук келишимде бардык улуттардын элдеринин тең укуктуулугу, союзга ыктыярдуу биригүү укугу, союздук республикалардын аймагын анын макулдугусуз өзгөртүүгө болбой турганы, союздун мүчөлөрүнүн тең укуктуулугу сыяктуу ошол кездеги Конституцияда бар эле институттар жазылат. Социалдык-экономикалык чөйрөдө: Кыргызстандын өз алдынчалыгы, менчиктин ар түрдүүлүгү, мамлекеттик менчикти менчиктештирүү үчүн биригишкенин айтып: «Наступило время активной работы... поддержать наши заявления», - деп бүтүрүшкөн. Билдирүү орусча чыккан («Советская Киргизия., 1990-жыл, 18-сентябрь).
Бул билдирүүдө белгилеп кете тургандар: Жогорку Советте Компартиянын саясатын бекем карманган туруктуу чыныгы коммунисттерге оппонент катары жаңы депутаттык топтун пайда болгону. Алар 114 депутаттан туруп, анын тең-төрагалары кимдер экени ачыкка жарыялангандыгында болду. Ал эми алардын жарыялаган платформасында коомчулуктан көңүлүн бургандай жаңылык жокко эсе эле болгон.
Алар билдирген позиция менен маселелерди Кыргызстан Компартиясы менен анын өкмөтү биринчи сессияда белгилеп, багыт алганын жогоруда жаздык. Коомчулукта бул маселелер жалпы СССР аймагы боюнча көп талкууланып жаткан маселелер эле. А түгүл айрым республикаларда эбак ишке ашкан нерселер болчу. Дагы бир белгилей кетчү көрүнүш – бул 114 депутаттан турган демократиялык топтун тең-төрагаларынын А.Эркебаевден, К.Асановдон башкасы орус тилдүүлөрдөн экендиги.
Алардын «Наступило время» дегени көпчүлүккө жакпай, ар кандай ой-пикир туудурган. Мисалы, В.Кандаков: «Не могу согласиться», Х.Хубиев: «Снявшись с якоря не сесть бы на мель» ж.б. авторлор сын-пикир менен чыккан. Негизинен, аларды каргашалуу Ош коогаланында кайда жүрдүңөр, эмне үчүн ошондо активно иштеген жоксуңар дегендей мүнөздө болгон.
Уландысы бар...
Булак: NazarNews.kg