www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Уйкудагы сулуу»

Жыйырма тогуз жыл жылмая күлүп, кем акыл ажолорду мурдунан жетелеп алып, мурундарына мурунтук салып, жондоруна ээр токуп, үстүнө шап минип, мыйзамдын эки тизгин, бир чылбырын колуна кармап, көп ажону кыдыңдата минип алып, эми болсо үч жолку финансы министрлигинен өкмөт башчылыгына секирип, дымы чыкпай калган денесин күүлөгөн минкабдын жетекчиси Жапаров Акылбеккке «Уйкудагы сулуу» номинациясы боюнча наам ыйгарылат.

«Мистер 10%»

Атамбаев менен колтукташып, министр катары элди соруп, премьерге жетем деп, кызматтан кетип, Жээнбеков менен колтукташып, финансы рыногунда 10 пайызды соруп, элди ач калтырып, кымбатчылык түзүп, жең ичинен коньяк ичип, өз капчыгын толтурганы үчүн ыраазычылыктан ооз ачып сүйлөй албай, корголоп жашынып жаткан кезде бийлик алмашып, коңулдан чыккан коңуздай, котур ташын койнунан алып чыгып, кайрадан ордун бекемдеген, бийликке жагынуу максатында опурталдуу сөздөрдү сүйлөп, финансы рыногунан 10 пайызды соруп, андан секирип, минкабдын төрагасынын биринчи орун басары болгон Кожошев Арзыбекке «Мистер 10%» номинациясы боюнча наам ыйгарылат.

«Дардаңпоз»

Эдил Байсалов принцибин жоготуп Акылбек Жапаровдун кабинетинде иштейт деген түшкө да кирбеген. Анткени канча ирет Жапаров бийликте, Байсалов оппозицияда жүрүп элди жарытышкан жок. Атамбаевдин убагында НПОну жетелеп, Жээнбековдун убагында Улуу Британиядагы элчиликти жетелеп, президентке жалдырап бут алдында жүрүп, революция болоор замат, терисин тескери жамынып, «улуу революционерге» айланып, дардалаңдап жүргөндүгү үчүн Байсалов Эдилге «Дардаңпоз» номинациясы боюнча жеңиш ыйгарылат.

«Арзымат»

Этияттанбай эл аралык этиканын нормасынан өтүп, Ысык-Көлдүн ысык даамын татып чоңойгону үчүн туалетке барса да Садыр акесинен уруксат сурап, ат тезегин кургатпай жылаңайлак каттап, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондуна мүчө болуп кирип, анын Башкармалыгынын төрагасы болгон соң Орус-Кыргыз тааныштарына акча берүү фондуна айланткан, минкабдын төрагасынын биринчи орунбасары болуп бир жума иштеп, оңкосунан кетип, оңолоор менен минкабдын төрагасынын орунбасары болгон Аалиев Азизке «Арзымат» номинациясы боюнча наам ыйгарылат.

«Циркач»

Атамбаевдин убагында шейхтер менен жүрүп, Жээнбековдун убагында маданият министри болуп, сейфке бекинип алып, циркте оюн уюштуруп, маңкурттар Манаска тийишип жатканда «молчать» этип, эми жерди караган жүзү менен туризмди муунткусу келип, элди караган жүзү менен маданият демиш болуп, «маданият курун» мойнуна тагып, кайрадан өз энчисине бүткөндөй маданият министрлигин «приватташтырып» жеке менчикке айлантып алган Жаманкулов Азаматка «Циркач» номинациясы боюнча жеңиш ыйгарылат.

«Боксёр»

Чочойгон чоңдугуна карабай, чогулушту уруп ойнобой, чоң жыйындарда элдин баарын чоочулатып, чоң муштумун көтөрө чуркап, «брабесианал боксёр» катары бирде тумшугун талкалай коюп, бирде тумшугун талкалаткандыгы үчүн минкабдын төрагасынын орунбасары Ташиев Камчыбекке «Боксёр» номинациясы боюнча наам ыйгарылат.

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган:  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости