www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдамчылык кылган деп шектелип, Гүлзат Мамытбек кармалды

Блогер Гүлзат Мамытбек (Гүлзат Алымкулова) кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Гүлзат Мамытбектин үстүнөн арызданган 7 жаран укук коргоо органдарына кайрылган. Алардын айтымында, Г.Мамытбек кыска убакытта үстүнө чоң сумма кошулат деп акча алып, ошол бойдон жашырынып кеткен. Чыгымдын жалпы суммасы — 110 миң сом. Бул факт Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен катталган.

Шектүү Гүлзат Мамытбек 2020-жылдын февралында Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен. 8-июнда анын сыртынан алдамчылык кылган деп шектелип жатканы тууралуу билдирүү берилген. Ал эми 13-июлда камакка алуу тууралуу сыртынан чечим чыгарылган. Ага 2020-жылдын 8-августунда издөө жарыяланган.

Кечээ, 25-октябрда, шектүү Кыргызстанга келди. Аны Биринчи май РИИБинин кызматкерлери кармап, милиция пунктуна жеткирген. Убактылуу түрдө Бишкек ШИИБинин абагына камакка алынганы белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости