www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Финка-банк” жабык акционердик коомунун мурдагы юристи Асылбек Максүтов өкмөт үйүнүн жанына чыгып, ачкачылык жарыялады. Анын айтымында, ал банктын Балыкчы шаарындагы бөлүмүндө иштеген жана 30-июлда кызматынан бошотулган. Мурдагы юрист өзүнүн кызматтан алынышын мыйзамсыз деп эсептеп, бүгүнкү күндө банкты сотко берип жатканын билдирет.

«Алар мени эмгек акы боюнча кодулашты. Көрсө, алар мага аз төлөгөн экен. Анан сотко кайрылдым. Анан жумуштан телефон чалып, 300 миң сом берээрин айтып, арызды алып кетүүнү суранышты. Мен баш тарттым. Алар менин эмгек укугумду бузган. Анан мени жумуштан кетиришти деп жумуштан бошотушту. 24-августта Свердлов райондук сотуна мени кайра жумушка алуу өтүнүчү менен кайрылгам. Сот отурумуна жасалма кадрдык документтерди алып келген.

Жогорку Соттун пленумунда кызматтан бошотуунун негизги жана бирден-бир далили штаттык таблица экени айтылды. Алар иш эмес күнү – жекшемби күнү – эки штаттык таблицаны бекиткен. Бул бурмаланган документтердин негизинде менин кызматтан алынышым мыйзамдуу деп табылды», - дейт Асылбек Максүтов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости