www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Мамытов кызматын тапшырбай шайлоого аттанганы таза шайлоо өткөрөм деген президенттин имиджине көлөкө түшүрмөк», - деди бүгүн, 26-октябрда, NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Эсенгул Исаков.

- Эсенгул-агай, Талант Мамытовду БШК талапкер катары каттабай койду, ал турсун дагы бир аким шайлоого кийлигишкени үчүн кызматтан алынат деген маалыматтар тарай баштады. Мунун баары таза шайлоо өткөрүүгө аракеттер башталды дегенден кабар береби?

- Талант Мамытовду БШК талапкер катары каттабай койгону президенттин айткан сөздөрүнүн аткарыла башташынан кабар берет. Таза шайлоо өткөрүүгө аракеттер башталганы үчүн спикер экенине карабай, БШК аны талапкер катары каттабай койду.

Чынында спикер деген мамлекетте экинчи чоң кызмат да. Кызматынан кыйыр болсо да пайдаланып, таза шайлоого зыяны тийет дешти окшойт. Анын кызматын тапшырбай шайлоого аттанганы таза шайлоо өткөрөм деген президенттин имиджине көлөкө түшүрмөк.

Президент таза шайлоо өткөрөм деди эле, спикер болсо кызматын өткөрбөй шайлоого аттанды деп айткандар чекеден чыкмак. Эми таза шайлоого шек келтирген акимдерди кызматтан алса, анда башка акимдерге сабак болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости