www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«30 жылдан бери айтылган сөздөр турмушка ашырылганда азыр биз Швейцарияда жашамакбыз», - деди бүгүн, 16-мартта, NazarNews маалымат агенттигине активист Акан Иманов.

- Президенттин сөзүнөн кийин УКМК менен соттор өз ишин кылат деп ишенсек болобу?

- Менимче, президенттин кайрылуусу маалында ошол жыйында отурган соттор бир нече мүнөткө гана, өлкөбүздүн келечеги, патриоттуулук жөнүндө ой-толгоп, ал иш-чара бүткөн соң баягы эле калыбына түштү го деп ойлойм. Жогорку соттун жаңы шайланган башчысы процесстер ачык өтсүн, видеого тартуу мүмкүнчүлүгү толук ишке ашсын деди.

Демек, иш дал ушул багытта жана кыска аралыкта жүрүшү керек да. Отуз жылдык тарыхтагы жыйындарда айтылган сөздөр турмушка ашырылганда азыр биз Швейцарияда жашап жатмакпыз го.

Ошондуктан, жүзөгө ашыруу жагынан аксап жатабыз. Мисалы, президент Садыр Жапаров жеңилдетилген насыялар тууралуу айтып, 97% көпөстөр ээлик кылып жатканын айтып УКМКга тапшырма берген. Андан бери үч ай өттү. Ортодо бир башчысын кармашты. Бирок, башка жыйынтыкты көрбөй жатабыз. Эгер бул иш ыкчам жана жоопкерчиликтүү жүргөндө азыркыдай акыбал түзүлбөйт эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости