www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында каралган мыйзам долбоорлоруна добуш берилди. Жыйынтыгында бир катар мыйзам долбоорлору кабыл алынды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи окууда:

  • “2021-жылдын 20-июлунда Москва шаарында кол коюлган, 2011-жылдын 19-декабрындагы Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана/же акча инструменттерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин Төрагасы, 11.02.22деги № 68 токтом);
  • “2021-жылдын 20-июлунда Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу накталай акча каражаттарын жана (же) акча инструменттерин которууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү маалымат алмашуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин Төрагасы, 28.01.22деги № 40 токтом);
  • “2021-жылдын 8-февралында Москва шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин Төрагасы, 07.02.22деги № 64 токтом);
  • “2021-жылдын 5-августунда Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык комиссиясынын кадрдык курамын түзүү механизмин тактоо бөлүгүндө 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин Төрагасы, 28.01.22деги № 31 токтом);

Экинчи окууда:

  • “2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (“Жашыл шаарлар 2, Терезе 2” алкактык программасынын “Бишкек автобустары” долбоору) жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (“Жашыл шаарлар 2, Терезе 2” алкактык программасынын “Бишкек автобустары” долбоору) ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин Төрагасы, 28.01.22деги № 39 токтом);
  • “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин Төрагасы, 04.02.22деги № 49 токтом);

Үчүнчү окууда:  

  • “2021-жылдын 17-февралында Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштыктын бирдиктүү эрежелеринин сакталышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруудагы купуя маалыматты коргоо тартиби жана аны ачыкка чыгаргандыгы үчүн жоопкерчилиги жөнүндө 2014-жылдын 12-ноябрындагы макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин Төрагасы, 11.01.22деги № 2 токтом);
  • “Кыргыз Республикасынын Баткен областынын Лейлек районунун Исфана шаарын Раззаков шаары деп кайра атоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Министрлер кабинетинин Төрагасы, 07.03.22деги № 117 токтом).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости