www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Эчки тууй албай жатып койго арачы түшүптүр" демекчи, Сирияны коюп, өзүбүздүн чек араны жакшы кайтарып алалычы. Бир да кыргыз жигитин Сирияга барышын каалабайт элем. Бир да эне "ботом" деп боздобосун! Карызды кечпесе кайра мойнубузга илип койсун! Путиндин бизге көңүлү түз болуп, карызды кечсе 2010 - жылы Түштүк жергеси күйүп атканда кечмек. Бизге мындай карыз кечүүсүнүн кереги жок! Эли талаада, үйү жок чатырда жатса, өздөрүнө хан сарайларды салган бийликтен айрымаланып, эл байлыгын тоноп, ичип-жебеген таза жаштар келсе карызды төлөшөөр, а адам өмүрүн эч ким кайрып бере албайт! Ошон үчүн мен Сирияга аскер жиберүүгө каршымын! - деген пикирин Акбалык Жумалиева билдирди. 

Эске сала кетсек, Россия тарап Кыргызстанга менен Казакстанга аскерлерди Сирияга жөнөтүүнү сунуштаган. Бул тууралуу Россиянын жергиликтүү ММК жазып чыкты. Ушул тапта Орусия, Казакстан жана Кыргызстан менен Сирияга аскерлерди жөнөтүү боюнча маселени сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын кабарлады. Биздин мамлекет тарап, “Кыргызстандын аскерлерин Сирияга жөнөтүү боюнча бизге расмий түрдө Россия тараптан билдирүү келген эмес. Биз тараптан сүйлөшүүлөр болгон жок. Бул маселе мамлекеттин деңгээлинде чечилет. Эгер биздин мамлекет тарабынан аскерлерди Сирияга жөнөтүү боюнча буйрук келсе, анда биз аткарууга милдеттүүбүз”, деп билдирген fakt.kg маалымат сайтына. 

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Орусия менен Казакстан Сирияга аскерлерди жиберүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүлөт деген маалыматка комментарий берди.

"Казакстан Сирияга аскерлерди жиберүү боюнча эч ким менен сүйлөшпөйт. 4-5-июль күндөрү Астанада БУУнун жыйыны өтөт, анда Сирия маселеси да талкууланат. Бирок Казакстан эч качан өзүнүн аскерлерин кооптуу тилкеге жибербейт" - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости