www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Акбөкөн Дукенович, жакында эле ЖМКларда «талибан кыймылы Өзбекстан менен Тажикстандын чек арасына 10 миңдей жоокерин жиберип жатат» деген маалымат жарыяланды. Алардын максаты өз чек арасын чыңдообу, же кошуналарга сес көрсөтүүбү, муну азырынча айтуу кыйын. Бирок, кандай болгон күндө да Ооганстандагы кырдаалга карата биздин реакциябыз кандай болушу керек?
- Бир кезде талибан студенттерден турган чакан түзүм эле. Бүгүн болсо алар чоң күчкө айланды. Согуштук вертолёттору, самолеттоpy бар. Кошуна өлкөлөр алар менен «сиз» деп сүйлөшүп калышпадыбы.
Биз да диалог түзгөнүбүз оң. «Бул өлкөдө өзбекстандык, тажикстандык гана эмес, кыргызстандык жарандар да бар экен» деген маалыматтар айтылууда. Бирөөлөр «300 киши десе, бирөөлөр 500» дейт. Эртеби-кечпи аларды Ооганстандан сүрүп чыгарышат. Анткени, аларга бетон боевиктердин кереги жок болуп калды.
Анда алар каякка барышат? Ошондуктан, бирөөнүн мээсине баарын «чогултуп туруп, кошуна өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга жиберип коёлу» деген ой келип калбасын үчүн биз аларга мунапыс берип, өзүбүз алып келип, көзөмөлгө алышыбыз керек го. Себеби, баягыда 40-50 сакалчан келгенге кандай будуң-чаң түштүк эле?
- Чек араны да чыңдоо зарыл го?
- Сөзсүз. Чек арада болуп жаткан чыр-чатактарга алардын да тийешеси бардай сезилет. Андыктан, чек арабызды чыңдоо зарыл. Өзгөчө Баткен тарапты. 18деги жаш балдарды эмес, контрактчыларды жиберүү зарыл.
Бүгүн Ооганстан Кыргызстан гана эмес, бүт дүйнө үчүн «баш ооруга» айланды. Биз үчүн эң негизги коркунуч ошол жакта. Америкалыктардан аларга эмне деген курал-жарактар калды?! Ал расмий түрдө эле калганы. Контрабанда жолу менен келгени, кампалардан уурдап чыгып кеткендери канча?!
«Бангизат өндүрүүнү токтотобуз» дешти. Бирок, менин оюмча, токтобойт. Донорлор баягыдай миллиарддаган акча салбайт. Элин багыш керек да...
Булак: Азия News гезити