www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ак-Сай – Рават жолун мамлекеттин каражаты менен калыбына келтирүүгө кудуретибиз жетет. Бул тууралуу Жогорку Кеңеш депутаты Марлен Маматалиев "Парламент" радиосунда айтты.
"Ынтымак" жана "Ишеним"фракциялары Баткен областында жумушчу жыйын өткөрүп, андагы абалды жеринен көрүп келген элек. Маселе убагында чукул чечилишин талап кылган суроолордун тизмеси такталып, парламенттин токтому даярдалды. Аны Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйынында карайт", - деди демилгечи депутат.
24- февраль күнү Министрлер кабинетинин көчмө жыйыны Баткен жергесинде өтөрү белгиленүүдө. Ошондо кабыл алынуучу чечимдерде Жогорку Кеңештин сунуштары эске алынууга тийиш. Андай болбой эле койсун, бирок жол жабылуу коркунучуна туш келип калса, абалдан чыгуунун кандай аргасын тапса болот? – деген чоң суроо элдин эле эмес, эки тараптын тең ойлоно турган маселеси.
Ошондуктан, 23 чакырымга созулган кошумча жолду калкка ыңгайлаштырып коюу зарылчылыгы бар. Ак – Сай – Рават жолун мамлекеттин каражаты менен калыбына келтирүүгө кудуретибиз жетет. Болбосо, азыркы жолдун абалы жеңил унаалардын жүрүшүнө, жүк ташуучулардын каттамына ылайыкталган эмес.
Буга бюджеттен каражат каралса капчыгыбыз жукарып кетпейт. Капиталдык салымдарга каралган каражаттар чыпчыргасы коробой, өз дарагине жетиши керек. Андан тышкары авиаттамдарды көбөйтүү зарылчылыгы да күн тартибинде турат.
Чек ара аймактарындагы жел тилкелерин тактоодо архивдик материалдарды карап, Москвадан алынган документтерге таянып турабыз - жыйынтык чындыкка ыкташы керек", - деди депутат.
Булак: NazarNews.kg