www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков «Түндүк электр» ишканасынын кызмат көрсөтүүлөрү кымбат экенин айтып, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды.

Ал Ысык-Ата айыл өкмөтү өзүнүн эсебинен электр мамыларын алганын айтып, аны орнотуу үчүн энергетиктер кымбат баа сураганына нааразы болду.

«Түндүк электрдин» кызматкерлери «27 мамычаны 61 миң сомго коёбуз» деди. Анан менин жардамчым барып ошолор эле жалдаган унаа менен 15 миң сомго коюп келди. Буларда бет деген жок. Мадумаровдун колун сындырардын алдында ошол 61 миң сом дегендерди мамынын ордуна көөмп койгулачы. Ошол кантип болсун!»  — деп ызаланды эл өкүлү.

Буга кошо депутат Ысык-Ата районунда куруу зарыл болуп жаткан мектеп, бала бакча маселесин көтөрдү. Өткөн жумада Ташиев парламентте көз кысканда финансы министри менен энергетика министрине «Акбөкөн сураган акчаны берип койгула» деп ишарат кылганын божомолдоду.

Эске салсак, 2-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев аткезчилик боюнча маалымат берүүнүн алдында депутат Адахан Мадумаровду «УКМКга далилсиз сын айтууда» деп айыптаган. 

Депутат Мадумаров отурган ордунан «далил менен сүйлө» деп кыйкырып, парламенттин жыйынында Ташиев менен кайым айтышып, чырдаша кеткен. Мадумаров менен Ташиев кайым айтышып, аларды спикер Талант Мамытов сабырдуулукка чакырган. 

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын өткөн жылдын апрель айындагы куралдуу жаңжалдан кийин бир тараптуу жапкан. Ошондон кийин аткезчилик токтобой жатканы айтылып, жергиликтүүлөр ага каршы күрөшүү талабын көтөрүшкөн эле. 

Өз кезегинде, президент Садыр Жапаров 2-июндагы парламент жыйынындагы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен депутат Адахан Мадумаровдун кайым айтышы боюнча пикирин айтып, Мадумаровду «мамлекетчил эмес» деп айткан.

Президенттин сынына: «Бул экөөнө (ред: Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров) менде комментарий жок. Алар «популист» деген сөздү дагы түшүнбөйт. Мени Акаев, Бакиев, Атамбаев, Отунбаева, Жээнбеков дагы сындаган. Алар кайда, мен кайда?», - деп жооп берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости