www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров өзү айрым аткезчилерди жаап-жашырып жатат»,- деп билдирди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев парламент жыйынында.
Ташиев эл өкүлдөрүн жалган маалымат таратпоого чакырды.
«Мадумаров бир жолу айтты - мен унчукпадым, экинчи айтты - унчукпай калдым. Кечээ УКМКнын кызматкерлери элдин канын соруп жатат деп айтты. Ал бул билдирүүсүн фактысыз жана далилсиз айтты. Эгерде депутат Мадумаров бул аракеттерин токтотпосо, анда биз дагы ал тууралуу, аткезчилерди кантип жаап, калкалап жатканы тууралуу көп нерсени айтууга даярбыз», - деди Камчыбек Ташиев.
Өз кезегинде Адахан Мадумаров УКМКнын башчысын фактыларды айтууга чакырды.
«Колуңду түшүр. Отур, мен сага баарын айтып берем. Урматсыз депутат, мен сизге кайда жана кайсы контрабандист плов даярдап бергенин айтып берем», - деди Камчыбек Ташиев.
Мадумаров менен Ташиев кайым айтышып, аларды спикер Талант Мамытов сабырдуулукка чакырды.
Эске салсак, парламенттин 1-июндагы отурумунда депутат Адахан Мадумаров көйгөйдү Лейлек районунун Кулунду айылынын мисалында айтып, 24-майдан бери жер семирткич буулганын билдирген.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн аталган бекеттер 2021-жылдын 1-октябрында экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу максатында Министрлер кабинетинин төрагасынын токтому менен коюлганын билдиришкен. Жыл башынан бери 25 аткезчилик фактысы катталып, натыйжада 32 миллион сом казынага түшкөнү маалымдалган.
Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын өткөн жылдын апрель айындагы куралдуу жаңжалдан кийин бир тараптуу жапкан. Мындан кийин аткезчилик токтобой жатканы айтылып, жергиликтүүлөр ага каршы күрөшүү талабын көтөрүшкөн.
Булак: NazarNews.kg