www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Маалыматтык согушта уттуруп жатабыз! Алар өздөрү баштап алып, кыргыздар кол салды деген маалыматты таратып жатышат», - деди бүгүн, 16-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков.

- Акбөкөн мырза, Тажиктер Баткендин борборун аткылай башташты. Абалды жөнгө салыш үчүн эмне кылышыбыз керек?

- Негизи тажиктин ханы сөзгө келбесе, жакында бул көйгөй чечилбейт! Бирок, ачууга алдырбашыбыз керек. Анткени, азырынча бул чок! Учурда чокко бензин куйгандар арбын! Ошон үчүн сүйлөшү жолу менен чечишибиз керек! Провокацияга барбаш керек! Маалыматтык согушта уттуруп жатабыз! Алар өздөрү баштап алып, кыргыздар кол салды деген маалыматты таратып жатышат.

- Чокко бензин куйбай чечебиз деген аракеттен майнап чыкпай, жылда кайталап жатышат го?

- Биз, өзбектөр чек араны жаап салдык, Таджикистан блокада да калды, ошого булар жинденип, жылда согуш чыгарып жатышат. Украины, Арменияны карагылачы, эмне болуп жатат! Ошон үчүн чек ара маселесин тез арада чечишибиз керек.

- Айрым билермандар Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан менен курабыз деген темир жолу ушул жагдайдын күчөшүнө алып келди деп жатышат го?

- Мүмкүн! Бирок эки өлкө сүйлөшү жолу менен чечиш керек, согуштун аларга да бизге да кереги жок.

Белгилей кетсек, бүгүн, 16-сентябрда, саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын «Көк-Таш» чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.

Тажикстандын аткылоосунан 42 кыргызстандык жарадар болгон. Ошондой эле 15 жаштагы кыз тажик тарап аткан снаряддын сыныгы тийип каза болду.

Маалыматка ылайык, тажик тарап ок атышпоо келишимин бузуп, Лейлек жана Баткен районунудагы айылдарды аткылоону улантууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости