www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Жакышов NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде "Ачууга алдырбай акыл менен иш кылышыбыз керек”, - деп билдирди.

--Руслан мырза, Баткендеги абал оорлоп, эл качууга аргасыз болгон жагдай жаралды. Абалды жөнгө салуу үчүн эмне кылышыбыз керек?

-- Чек араны жөнгө салыш үчүн ачуу душман акыл дос дегендей ачууга алдырбашыбыз  керек. Отко май чачкандарга маани бербей маселени тынчтык жолу менен чечүүнүн жолун табууга аракеттенишибиз зарыл. Сабырдуулук менен иш кылып, маселени кара күч менен чечебиз дебей сүйлөшүү жолу менен чечүүнүн жолун табышыбыз керек.

Белгилей кетсек, бүгүн, 16-сентябрда, саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын «Көк-Таш» чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.

Тажикстандын аткылоосунан 42 кыргызстандык жарадар болгон. Ошондой эле 15 жаштагы кыз тажик тарап аткан снаряддын сыныгы тийип каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости