www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрүн эң жогорку деңгээлде алып баруу керек. Мындай пикирин генерал Кеңешбек Дүйшөбаев NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

--Кеңешбек мырза, Баткендеги абал бардык кыргыздын жүрөгүн оорутуп турат. Аны кантип эпке келтиребиз?

- -Чек арадагы курч абал бүтпөс ишке  айланды. Сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаганы көрүнүп жатат. Абалды жөнгө салуунун бир нече жолу бар. Биринчиси, кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрүн эң жогорку деңгээлде  (Президенттердин сүйлөшүүсү, иш чараларды алардын жеке көзөмөлүндө) алып баруу. Өкмөт атайын, чек ара кызматтарынын деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр туңгуюкка кептелип, жыйынтык чыкпай жатканына баарыбыз күбө болуп жатабыз.

Экинчиси, ЖККУ, КМШ өлкөлөрүнүн эки жана көп тараптуу келишимдеринин негизинде куралган механизмдерди ишке киргизип, ошол аркылуу иштөө.

Үчүнчүсү, жогоруда көрсөтүлгөн нерселер жардам бербесе, анда күч менен чечүү. Менимче, башка аргаларыбыз түгөнүп бара жатат.

Белгилей кетсек, бүгүн, 16-сентябрда, саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын «Көк-Таш» чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.

Тажикстандын аткылоосунан 42 кыргызстандык жарадар болгон. Ошондой эле 15 жаштагы кыз тажик тарап аткан снаряддын сыныгы тийип каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости