www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-сентябрда Кытайдын Чанша асман тиреген имаратта ири өрт чыкты. Кытайдын борбордук телевидениеси билдиргендей, жалын он кабатка жайылып кеткен.

Beijing jibao гезитинин маалыматына караганда, өрт жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:30 чамасында башталган - өрт имараттын маңдайкы тарабын бойлой өйдө карай тарай баштап, он кабаттан ашыкты каптады. Окуя болгон жерге 300дөй өрт өчүрүүчү жана 36 техника келди.

Бүгүнкү күндө өрт өчүрүүчүлөр имараттын алдыңкы бөлүгүндөгү жалынды өчүрө алышты.

Имарат 2000-жылы курулуп, ошол кездеги шаардагы эң бийик имарат болгон. 42 кабаттуу асман тиреген имараттын бийиктиги 218 метрге жетет.

Жабырлануучулар жана жабыркагандар тууралуу маалымат алына элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости