www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эмне үчүн бир адамда акча көп, экинчисинде аз, бирөө бай, башкасы кедей? Анткени бай адамдар акчага кандай мамиле жасоону жашы билишет. А сизчи? Акча сизди сүйөбү? Билгиңиз келсе төмөнкү тесттен өтүңүз.
1 Сизде көп суммадагы акча бар. Сиз:
а) мындан да көп акча табуу үчүн аракет кыла бересиз;
б) иштейсиз, бирок көп эмес;
в) каалаган нерсеңизди сатып алып акчанын баарын коротосуз.
2. Ошол акчаны эмнеге коротор элеңиз?
а) киреше алып келчү пайдалуу ишке саласыз;
б) үй тиричилигине керектүү буюмдарды сатып аласыз;
в) эмнеге корогонунун сизге мааниси жок, башаламан корото бересиз.
3.Көп суммадагы акча сизге кимдир-бирөөдөн мураска калды дейли. Сиз:
а) жашооңузду кескин өзгөртөсүз;
б) мурдагыдай эле жашай бересиз;
в) кайрымдуулук иштери менен алек болосуз.
4. Сизде күмөн туудурган жол менен акча иштеп табууга мүмкүнчүлүк пайда болду. Жыйынтыгы да белгисиз. Сиздин аракетиңиз:
а) баш тартасыз;
б) тобокел кылып көрөсүз;
в) кандай болбосун бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайсыз.
5. Сиздин кирешеңиз кескин кыскарды. Сиз:
а) болгон күчүңүз менен иштеп кирешеңизди кайра көтөргөнгө аракет кыласыз;
б) сарсанаа болуп, кандай чечим кабыл аларыңызды кечке ойлоносуз;
в) тагдырыңызга баш ийип отуруп кыласыз.
6.Акча тууралуу ырым-жырымдарды колдоносузбу?
а) ооба, албетте; б) дайым эмес; в) ырым-жырымдарга ишенбейсиз.
7.Акча тууралуу түш көрдүңүз. Эмне кыласыз?
а) түш сиз үчүн — алдын ала бир нерседен кабардар кылуучу көрүнүш, сиз ага ишенесиз;
б) ал түш тууралуу унутуп коёсуз; в) түшкө ишенбейсиз.
8.Сизден карызга акча сурашты. Сиз:
а) канча бере алсаңыз бересиз; б) акчаны үстөккө бересиз; в) бербейсиз.
9. Акчага ээ болуш үчүн кимдир-бирөөнү алдоого туура келсе эмне кыласыз?
а) эч качан андай жолго барбайсыз;
б) ал калптын канчалык деңгээлде олуттуу экенине карайсыз;
в) ойлонбостон алдай бересиз.
10.Акчасы жакшы жумуш чыкты,бирок жан дүйнөңүз аны каалабай турат. Сиз:
а) акчасы үчүн гана иштейсиз;
б) эч кандай ийгилик жарата албасыңызды билесиз, бирок убакытты өткөрүп иштей бересиз;
в) бардык жумуштар бирдей деп эсептеп, милдетиңизди аткара бересиз.
Жыйынтык:
Сиздин жоопторуңузда «а» варианты көп болсо: Сиздин материалдык абалыңыз туруктуу, акча сизге оңой келет. Демек, акча сизди сүйөт. Жеткен ийгилигиңизди сактап калуу үчүн шектүү адамдар менен мамиле түзүүнү, аларга өзүңүздүн пландарыңыз тууралуу айта берүүнү токтотуу сунуш кылынат. Айланаңыздагы адамдардын арасында сизге көз арткандар, зыян келтирүүнү каалагандар, бирок мындай оюн билдирбей бет кап кийип жүргөн тааныштарыңыз бар. Эртеби-кечпи, чоң ийгиликке жетесиз, акчанын энергиясы сизге оңой баш иет.
«б» варианты көп болсо: Киреше менен чыгаша, ийгиликтүү жана ийгиликсиз иштер тең бөлүнгөн алтын ортолукта турасыз. Сиз үчун эң кооптуу нерсе — стресс. Стресстен улам сиз ден соолугуңузду жоготосуз, аны менен кошо көп убактыңызды, акчаңызды жоготосуз. Андыктан анча-мынча чыгашага учурасаңыз көп сарсанаа болбоңуз. Сиздин душманыңыз — тобокелчилик. Эгерде тобокелчиликтен арылбасаңыз, колуңузда болгондун баарын жоготосуз. Ошондой эле тааныштарыңызды,ар кандай кеңешчилерди ишиңизге аралаштыргандан абайлаңыз. Сизге өнөктөш менен иштөөгө караганда өз алдынызча иштөө көбүрөөк ийгилик алып келет.
«в»варианты көп болсо Жакшы жашоого каалооңуз да, умтулууңуз да жок. Акчанын жана жашооңузга зарыл болгон нерселердин жок экенине маани бербей жүрө бересиз, бул адатыңыз менен өзүңүздү кедейчиликтин сазынан сууруп чыга албайсыз. Керемет болуп келе турган тагдырдын белегине ишенип отура бербей өзүңүз эмгек кылыңыз. Сизге абалдан чыгууга бир гана жол бар -тынымсыз иштөө.
Акча эмнелерди сүйөт, эмнелерди сүйбөйт?
Акча дайыма кыймылда болууга тийиш. Акчаны иштетерде эч кандай ич ачышуу болбош керек. Аны иштетүү канчалык жеңил болсо, кайра келиши да ошончолук тез жана оңой болот.Бирок акча колго тиери менен көз көргөндү сатып алып чаржайыт иштетүү да туура эмес.
Акчаны чогултуу керек. Жөн эле эмес, кандайдыр бир маанилүү максат үчүн.
Карызды сөзсүз кайтарыңыз.Карыз күчтүү энергетикалык чуңкур, анда сиздин бай болууга жасаган аракетиңиздин баары жок болуп кетет. Кимдир-бирөөдөн карызга акча алып, аны атайын эле бербей койгон адамдар ,кедейчиликтин туткунунан чыга алышпайт.
Акча көрө албастыкты жаман көрөт. Башка бирөөнүн байлыгын көрө албай ичи тарыган адамдарды ал айланып өтөт.
Акча тынчтыкты жакшы көрөт.Андыктан жакын адамдарыңыздан башкаларга кирешеңизди ачык айтып мактанбаңыз. Эгерде айтууга туура келсе чыныгы кирешеңизден азайтып айтып коюу керек.
Акчаны сыйлаган адамдарды акча да сүйөт. Аны иреттүү кармап, таза, жаңы капчыкка салып жүрүңуз. Эски капчыктан акча качат.
Ыраазычылыгыңызды билдирип туруңуз. Акчанын жетишпестигине нааразы болбоңуз Бул — негатив. А акча негативди жаман көрөт.Андан көрө кандай сумма да болбосун аны иштеп табууга сизге мүмкүнчүлүк берген Кудайга ырахматыңызды айтып, ушул ийгиликке жетүүңүзгө түрткү болгон адамдарга ичиңизден ыраазычылыгыңызды билдирип туруңуз. Бул сиздин байышыңызга жардам берет.
Булак: Леди.кж