www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек ЖЭБди реконструкциялоону териштирүү боюнча соттук иште соттолуучуларды суракка алуу башталды. Биринчи болуп мурдакы премьер-министр Сапар Исаков чыгып сүйлөп, айыптоонун далилдеринин таш-талканын чыгарды.
Сөзүнүн башында Исаков кылмыш ишинин материалдарында тергөөнүн Бишкек ЖЭБди арзаныраак реконструкциялоого болмок деген билдирүүсүн тастыктай турган эч кандай жүйөөлөрдүн жоктугуна көңүл бурду. Андан кийин бул боюнча Кытай жана Дүйнөлүк Банк менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн
тарыхын кенен чечмелеп берди. Сапар Исаков кылмыш ишинде Дүйнөлүк Банктан да, ТВЕА тарабынан да реконструкциялоону арзаныраак жүргүзүү туурасында бир да расмий кат келип түшпөгөнүнө көңүл бурду. Демек, буга карата жасалып жаткан кызыл кулактык аракеттердин эч кандай күчү жок. Ошондой эле Сапар Исаков тергөөнүн “Исаков жеке өзү ТВЕАнын жетекчилиги менен коррупциялык келишимге барган” деген ырастоосуна таң калганын билдирди.
“Мен ТВЕА компаниясынын өкүлдөрүнүн эч кимиси менен тааныш эмес экенимди жана алардын эч кимиси менен жолугушпаганымды расмий түрдө билдирем. Кылмыш ишинин материалдарында да, башка жакта да менин компаниянын өкүлдөрүнүн кимдир бирөөсү менен тааныш экенимди тастыктаган эч кандай далилдер жок. Президенттин аппаратында иштеп жүргөндө мен Кытайдын толук ыйгарым укуктуу элчиси менен,Кытайдын соода өкүлү менен түздөн түз жолугушканмын,ал эми конкреттүү долбоолорду ишке ашырган компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу менин милдетиме кирген эмес, ал Энергетика министрлигиндеги, “Электр станцияларындагы” кесиптештердин милдетине кирген. Башкача айтканда, бул алар менен түздөн түз иштеше тургандардын иши болгон. Айыптоо корутундусунда болсо мени ТВЕА компаниясы менен кыянаттуу келишимге кирген деген сандырак сөз жазылган. Силер мындайды жазуудан мурда адегенде буга кандайдыр бир далилдерди таппайсыңарбы! Бул деген шермендечилик эмеспи”. Бул жерде Сапар Исаковдун сот процессинде айткандарын сөзмө сөз келтирдик.
Айыптоочу тараптын ТВЕАнын мурдакы өкүлү Мусажан Макелекти көрсөтмө бериш үчүн сотко алып келүүдөн баш тартып жатканы да бекеринен эмес экени көрүнүп турат. Анткени Макелек алардын болжолдорун бырын-чырын кылаарын айыптоочу тарап жакшы билет.
Демек, коррупцияга айыптоо көз көрүнөө ойрону чыгууда. Бирок буга карабай соттолуучулар бир жарым жылдан бери абакта отурат. Мурдакы энергетика министри Артыкбаевди сотко майыптардын арабасына салып алып келишүүдө. Мурдакы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге медициналык “тез жардам” кызматын түз эле сотко чакырууга туура келди. Айтор, баш аягы жок, түшүнүксүз бул сот процесси канчалык узакка созулса, адамдардын адилеттүүлүккө болгон үмүтү да ошончолук солгундап баратат, деп Ачык саясат гезити жазып чыккан.
Булак: NazarNews.kg